Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Германияда «Канкор Ивандын» үстүнөн сот башталды


Демянюкту сотко алып баратышат, 30-ноябр, 2009-жыл

Демянюкту сотко алып баратышат, 30-ноябр, 2009-жыл

Мюнхенде бүгүн Экинчи Дүйнөлүк согушта он миңдеген жөөттүн канына забын болгон деп айыпталган украиндин үстүнөн сот иши башталды. Карылыгы жетип, баса албай калган мурдагы согуш туткунунун үстүнөн процесс Германиядагы нацизмге байланышкан эң акыркы сот иши болуп калат шекилдүү.

Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө келерки жылы 65 жыл болот, анын катышуучуларынын катары суюлуп, күбөлөр да, айыптуулар да бирин-серин гана калды. Мына ошол саналуулардын катарында 89 жаштагы Жон же Иван Демянюк Нацисттик Германияда 28 миңге чукул жөөттү өлтүрүүгө жардамдашкан деп шектелүүдө. Баса албаган айыпталуучу сот алдына майыптардын арабасы менен келди. Аны Полшада нацисттердин доорону сүрүп турганда «Собибор» өлүм лагеринде жасоол болуп иштеп, 27900 чакты кишини өлтүрүүгө кол кабыш кылган деп айыпташууда.

Кошмо Штаттарында автомеханик болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан Демянюк мындай айыптоону четке каккан. Анын айтымында, ал башка лагерлерде кызмат өтөгөн, бирок «Собибордо» эч качан болгон эмес. Ал ошондой эле колго түшкөн советтик аскер катары согуш туткуну болуп, өзү жапа чеккендигин айтууда.

Гүнтер Маул Демянюктун адвокаты:

Менин клиентим жана коргоочулар аны акталат деп ойлойбуз, анткени азыркыдай мыйзамдык кырдаал мурда болгон эмес. Канткен менен ага конкреттүү кылмыш кылган деген күнөө коюлган жок. Аны (Адолф) Гитлер, (Гейнрих) Гиммлер, (Ричард) Гейнрих өңдөнгөн башкы кылмышкерлерге кызмат кылган деп жатышат.

Бирок айыптоочулардын пикиринде, Демянюк туткунга түшкөндөн кийин нацисттердин кайгуул отряддары болгон ЭсЭстин (SS - Schutzstaffel, 1923-45-жылдар) курамында кызмат өтөөгө өз каалоосу менен барган, кийин 250 миңдей жөөт газ камераларында өрттөлүп жок кылынган «Собибордо» кызмат өтөөгө жиберилген.

Деген менен сот ишинде кыйынчылыктар жок эмес. Демянюктун карылыгын эске алып, сотто угуулар күнүгө 90 мүнөттөн гана жүргүзүлөт. Ушундан улам, соттун май айына чейин создугуп кетиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары, бул иш боюнча тирүү күбө жок. «Собибордон» аман кутулгандардын арасында «ооба, Демянукту көргөм, билгем» деп аны сөөмөйү менен көзөп көрсөтмө бере турган киши калган эмес.

Бирок прокурорлор Демянюктун «Собибордо» болгондугун далилдеген анын аты жөнүн күбөлөгөн картасы (иденттүүлүк картасы) сакталып калгандыгын айтышууда. Андан тышкары мындан 30 жыл мурда азыр көзү өтүп кеткен бир украиндин Демянюк менен «Собибордо» чогуу кызмат кылганбыз» деген жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү сакталып калган.

Айыпталуучунун күнөөсүн далилдөөдө кыйынчылыктар бар экендигин улук прокурор Барбара Стокингер да моюнга алды:

– Мюнхендин мамлекеттик прокурорлор кеңсеси бул жеңил процесс болбой тургандыгын билет, айыпталуучу 89 жаштан ашкан, айрым күбөлөрдүн да жашы бир топко келип калган. Бирок, көп сандаган фактылар бар, сот адаттагыдан жай жүргөн күндө да, айыпталуучунун күнөөсү далилденет деп ишенебиз.

Демянюк буга чейин да Израилде, 1988-жылы соттолуп, өлүм жазасына кесилген. Бирок Голокосттон аман кутулган күбөнүн ал «Требика» өлүм лагеринде кызмат өтөгөн деген ырастоосу кийин далилденбей, Демянюк илмектен кутулуп кеткен.

Бирок ал АКШнын Огая штатындагы үйүнө кайткандан бир нече жылдан кийин анын нацисттердин башка өлүм лагерлеринде жасоол болгондугун көрсөткөн фактылар калкып чыккан. Анын депортацияга каршы узак күрөшү майнапсыз аяктап, АКШ аны быйыл жыл башында Германияга өткөрүп берген.

«Собибордо» сөөгү сөпөт болгондордун урук-туугандары бул сотко акыйкаттыкка жетүүнүн акыркы мүмкүнчүлүгү деп карашууда. Курт Гутманндын энеси, агасы 1943-жылы аталган лагерде жок кылынган:

Апам менен агамдын өлүмүнө катышкан деп шектелгендердин бирин сот акыйкаттыгына тартууга биринчи жолу мүмкүндүк алып отурам.

Демянюктун күнөөсү далилденсе, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG