Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Мюнхен конференциясы эртең ачылат


Конференциянын былтыркы уюштуруучусу Хорст Тельчик менен Германиянын канцлери Ангела Меркель, 10-февраль, 2007
Конференциянын былтыркы уюштуруучусу Хорст Тельчик менен Германиянын канцлери Ангела Меркель, 10-февраль, 2007

7-8-февралда Германияда коопсуздук саясаты боюнча 45-Мюнхен конференциясы өтөт. Быйыл НАТО, Орусия жана Жакынкы Чыгыштагы маселелерди талкууга алыш үчүн бир топ мамлекеттердин лидерлери чогулушмакчы.

Американын жаңы президенти Барак Обаманын саясатындагы негизги приоритеттер быйылкы Мюнхен конференциясынын күн тартибине коюлчу маселелерге да бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбурлап койгонсуду.

Аналитиктер азыр, балким, чындап эле Кошмо Штаттардын үстөмдүгү азайып баратышы мүмкүн экенин айтышат. Ошол эле маалда Дүйнөлүк саясатта бир эле АКШнын үстөмдүгү күчөбөй, ал көп уюлдуулукка негизделиши керек деп келген Орусия менен Евробиримдик ушул жагдай дүйнөлүк башкарууну жеңилдетпей турганын түшүнүшкөндөй.

АКШдагы бир топ расмий өкүлдөр жаңы администрация Ооганстанды негизги алгылыктуу багыты катары аталгандан бери Ирактын мааниси азая баштаганын айтышат. Барак Обаманын инаугурациясынан бир апта өткөндөн кийин өлкөнүн Коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстанды АКШ үчүн «башкы аскерий милдети» катары атады.

Ооганстанда бүгүн жалпысынан 70 миңдей коалициялык күчтөрдүн аскерлери болсо, ошонун жарымын америкалыктар түзөт. Президент Обама быйыл АКШ Ооганстанга кошумча 30 миңдей аскер жиберээрин айтууда.

Ошентип, бул жылкы мюнхен конференциясы АКШдагы жаңы президент Барак Обама эларалык саясатка киргизе турган жаңылыктарга жараша талкуусун өзгөртөт деп күтүлүүдө.

1990-жылдардан бери Орусия да бул конференциянын негизги катышуучуларынын бирине айланды. Лондондо басылчу «The Daily Telegraph» гезити жума күнкү санында бул жолу конференцияга АКШнын атынан катышчу Жон Байден, АКШнын вице-президенти, «Америка Польшага жана Чехияга ракетадан коргонуу системасын орнотуудан баш тартаарын жарыялашы мүмкүн» деп жазды. Орусия АКШны көптөн бери Европага ракетадан коргонуу системасын орнотпоого чакырып келген.

Эгерде чынында ошондой болуп калса, бул чечим Европадагы саясий абалды да өзгөртөт.

Мюнхен конференциясы өзү 1962-жылдан бери өтүп келет. Анын негизги максаты – дүйнө лидерлерин бейформал тариздеги талкууга чогултуп, анда эларалык саясаттагы, коопсуздук жаатындагы маселелерди чогуу-чаран талкуулоо.

Эксперттер бул жыйынды Давостогу экономикалык форум менен салыштырышат. Давос форуму экономика үчүн кандай маани берсе, эларалык саясат үчүн Мюнхендеги конференциянын оорду да ошончолук мааниге ээ дешет. Андыктан аны «мюнхен Давосу» деп атагандар да аз эмес.

Акыркы жылдарда бул конференциянын эң эсте калган бөлүктөрүнүн бири – былтыр анда ошол кездеги орус президенти Владимир Путиндин сөзү. Дал ошол сөзүндө Путин дүйнөдө АКШнын гана үстөмдүгү күчөп кеткенин айтып, «дүйнө бир полярдуу болушу такыр мүмкүн эмес» деген эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG