Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Аунг Сан Су Чжи демократиялык күчтөрдү биримдикке үндөдү


Мьянма оппозицисынын лидери Аунг Сан Су Чжи(солдо) үй камагынан бошотулгандан кийин колдоочуларына үйүнүн босогосу алдынан кол булгоодо. Янгон. 13-ноябрь 2010
Мьянма оппозицисынын лидери Аунг Сан Су Чжи(солдо) үй камагынан бошотулгандан кийин колдоочуларына үйүнүн босогосу алдынан кол булгоодо. Янгон. 13-ноябрь 2010

13-ноябрда жети жылдык үй камагынан бошотулган Мьянманын демократиячыл лидери Аунг Сан Су Чжи жекшемби күнү партиялаштары алдында сөз сүйлөдү.

Чжи айым биринчи кайрылуусунда демократиянын эң чоң дөөлөтү - сөз эркиндиги экенин белгилеп, бардык өлкөлөрдөгү демократиячыл күчтөрдү биримдикке үндөдү.

Аунг Сан Су Чжи. 13-ноябрь 2010
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аунг Сан Су Чжи айымдын эркиндикке чыгуусун дүйнө коомчулугу 2003-жылдан бери күтүп жаткан. Чжи айымды аскерий хунта жети жыл мурда Мьянманын түндүгүндө өкмөтчүл топ анын жандоочуларына кол салганын пайдаланып, алты жылга үй камагына отургузган болчу. Былтыр өжөр америкалыкка жок дей албай үйүнө эки күнгө кондурганда, бийлик тартип бузду деп, абак мөөнөтүн дагы бир жылга узарткан.

65 жаштагы Чжи айым соңку 21 жылдык өмүрүнүн 15 жылын түрмөдө же үй камагында өткөрдү. Ошондуктан, жекшемби күнү өзү баштаган “Улуттук лига - демократия үчүн” партиясынын Янгондогу штабы алдында сүйлөгөн сөзүндө, демократиянын эң чоң дөөлөтү сөз эркиндиги экенин баса белгиледи. Эгерде көпчүлүк коомдогу өзгөрүүнү кааласа, “ага туура жолду тандап гана жетсе болот” деген Чжи айым күрөштө “рухтан тайганга жол бербөө маанилүү” деди.

Чжи айым эркиндикке Мьянмадагы парламенттик шайлоодон алты күндөн кийин чыгарылды. Акыркы жыйырма жылдагы биринчи шайлоодо аскерий хунтага ымаласы жакын “Тилектештик жана өнүгүү союзу” жеңгени жарыяланды.

Шайлоонун эрежеси бийликке артыкчылык берет деп, Чжи айымдын партиясы саясый өнөктүккө бойкот жарыялаган эле. Батыш өлкөлөрү жана адам укугун коргоочулар Мьянмадагы шайлоону эркин жана калыс өтпөдү дешип, таанышкан жок. 1990-жылкы парламенттик шайлоодо “Улуттук лига - демократия үчүн” партиясын элдин басымдуу көпчүлүгү колдогон. Ага карабай аскерий режим партияны бийликке койо берген эмес. Ал эми Аунг Сан Су Чжини түрмөгө отургузуп койгон. Чжи эркиндикке чыкканы менен, Эл аралык мунапыс уюмунун эсебинче, Мьянманын абактарында дагы 2200дөй абийир туткуну бар.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Америкалык Жуди Уильямс 12-ноябрда Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаттарынын Хиросимадагы жыйыны учурунда журналисттер менен болгон кездешүүдө Су Чжи айым башка да мекендеш саясый туткундардын эркиндиги үчүн күрөшөт деген ишенимин билдирген:

- Мен Аунг Сан Су Чжи ошондой эле:”Менден башка 2 миң саясый туткундун тагдыры эмне болот?”- деп сураарынан күмөн санабайм. Анын эркиндиги - Бурманын (Мьянманын) гана маселеси эмес. Чжи айым:”Эгер мен эркиндикке чыксам да саясый турмушка катыша албасам, өлкөнү кыдыра албасам, мен эркин эмесмин, мындай шартка ынабаймын”. - деген.

Батыш лидерлери Су Чжинин эркиндикке чыгуусун тегиз колдошуп, аскерий хунтаны башка да саясый туткундарга эркиндик берүүгө үндөштү. Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча башкы комиссары Нави Пилаи айым Чжи айымдын 7-ноябрдагы шайлоого чейин бошотулбаганын сындады.

Маалыматка караганда, Су Чжи айым парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктар боюнча сотко кайрылганы жатат.

XS
SM
MD
LG