Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

НАТО: Лидерлик жарышта Дания премьери алдыда


НАТОнун баш катчысы адатта Европадан шайланат, ал эми аскерий жетекчилик ар дайым АКШнын колунда
НАТОнун баш катчысы адатта Европадан шайланат, ал эми аскерий жетекчилик ар дайым АКШнын колунда

Даниянын премьер-министри Андрес Фог Расмуссен Түндүк атлантика аскерий ынтымагынын (НАТО) кийинки жетекчиси болуп калышы толук ыктымал. Европанын алдыңкы өлкөлөрү анын бул маанилүү эл аралык кызматка келишин колдошоору тууралуу маалыматтар тарады.

Айтылгандар туура чыкса – Расмуссендин НАТОдогу жетекчилиги Ооганстанга байланыштуу өтө маанилүү учурга туш келет. Анын учурдагы эң негизги атаандаштарынын бири Польшанын Тышкы иштер министр Радослав Сикорски келатат.

НАТОнун азыркы жетекчиси Яаап де Хооп Схеффер ушул жылдын июль айында кызматынан кетиши
Башкы талапкер Расмуссендин негизги жетишпестиги анын Даниянын премьери болгондугу дешет.
керек. Эл аралык деңгээлдеги жогорку кызматта ал 2004-жылдан бери турат. НАТОнун лидерлери Схеффердин мураскорун 3-4-апрелде өтүүчү аскерий ынтымактын 60 жылдыгында жарыялашары күтүлүүдө.

“Зюддойч Цайтунг” (Sueddeutsche Zeitung) деп аталган Германия гезити 6-мартта Британия, Франция жана Германия Расмуссенди НАТОнун кийинки жетекчиси кылуу тууралуу макулдашып коюшканын жазып чыкты. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тактала элек.

Лондондогу Коопсуздукту иликтөө боюнча эл аралык институтунун талдоочусу Бастиан Гигеричтин баамында, бул жааттагы сөздөрдүн баарын азырынча божомол катары кароо керек: “Азыркы тапта бул чындап эле бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Менимче биз бул жактагы ар бир талапкердин кимисине көбүрөөк ишеним көрсөтүлгөнү анык болгон учурга чейин күтүп турушубуз керек. Ал адам Андрес Фог Расмуссенби же башкабы азыр так белгилүү эмес”,- деди Бастиан Гигерич.

Адатта эл аралык жогорку деңгээлдеги кызматка ким дайындалары маселе бышып жетилгиче айтылбайт. Негизги талапкерлер да өтө чебер дипломатиялык алака түзүшүп, эл алдында абайлап сүйлөшөт.

Дагы бир Лондондогу саясат талдоочу Дэниел Корски да Расмуссендин мүмкүнчүлүгү чоң экенин айтат. Анын пикиринде, Расмуссен премьер-министр болгон кезде АКШнын Ооганстанга киришин колдоп чыгып, америкага жакындыгын көрсөткөн. Андыктан анын талапкерлиги чоң колдоо табышы ыктымал.

Корскинин пикиринде, дагы бир негизги талапкер делген Польшанын Тышкы иштер министри Радослав
Сикорски буга чейин Орусиянын Грузияга карата жасаган аскерий жүрүштөрүн катуу сындап, НАТОну чечкиндүү аракеттерге чакырып келген.
Сикорскини аскерий ынтымактын негизги лидерлери колдошу күмөн. Анткени Сикорски Орусияга карата өзүнүн абдан сынчыл көз карашы менен белгилүү. Дегеле совет доорунда анын темир чеңгелинин таасири алдында жашашкан Чыгыш Европалыктардын көбү Орусияга карата өтө сынчыл турумун көрсөтүп келишет.

Сикорски буга чейин Орусиянын Грузияга карата жасаган аскерий жүрүштөрүн катуу сындап, НАТОну чечкиндүү аракеттерге чакырып келген. Ошондой эле ал 2006-жылы Германия менен Орусиянын газ кууру боюнча Польша менен Балтика боюндагы өлкөлөрдү айланып өткөн долбоорун катуу сындап, аны Молотов менен Риббентроптун келишимине салыштырган жана XX кылымдын эң каардуу башкаруучулары Гитлер менен Сталин 1939-жылы Чыгыш Европаны ушул сыяктуу алдап келишкенин эскерткен.

Ушул жагдайларды жана Орус газына Европанын жарымы көз каранды экенин эске алганда НАТО лидерлери Чыгыш Европалыктарга лидерликти азырынча беришпейт дешет. Анын үстүнө аскерий ынтымактын башкы лидери АКШда учурда Орусия менен алакасын оңдоого бет алды.

Башкы талапкер Расмуссендин негизги жетишпестиги анын Даниянын премьери болгондугу дешет. Анткени 2005-жылы Дания басылмаларында Мухаммед пайгамбардын карикатуралары пайда болуп, мусулман өлкөлөрдүн катуу нааразычылыгын жараткан. Ошол себептүү анын талапкерлигин НАТОнун дагы бир мүчөсү, динчилдер бийлик башында турган Түркия колдобой коюшу ыктымал. Эреже боюнча НАТОнун бардык чечими бир добуштан колдонушу керек.

XS
SM
MD
LG