Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

НАТОлуктардан АКШ колдоо таппады


Польша -- НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Краковдогу маалымат жыйыны маалында. 19-февраль 2009-жыл.

Польша -- НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Краковдогу маалымат жыйыны маалында. 19-февраль 2009-жыл.

НАТОлук коргоо министрлер жыйынында Ооганстан башкы тема болду.Бул өлкөдөгү аскер контингенттерин көбөйтүүгө чакырган Пентагондун сунушу альянс мүчөлөрү арасында кеңири колдоо тапкан жок.

Жыйында ооган проблемасына токтолуп, НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер альянс ушу мезгилге мөлчөр кылып белгилеген чектерге жете албаганын моюнга алды.

Ооганстандын түштүгү менен чыгышы козголоңчулардын колунда турат, буга катарлаш маңсоодасы жана өкмөттүн алсыздыгы өлкөнү кайра куруу ишинде алга жылганга жолтоо боло баштады, натыйжада калктын нааразылыгы күчөп баратат.

Схеффер Борбор Азиядагы күрөш узак жылдарга созуларын, Батыш өлкөлөрүнө бир нече муунга чейин Ооганстанга жардам көрсөтүүгө туура келерин эскертти. Азырынча болсо коалициялык өлкөлөр бекем баш кошуп, көп күчтөрдү, көп инструкторлорду жиберип, быйыл боло турган шайлоого көбүрөөк көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Баш катчынын соңунан Пентагондун башчысы Роберт Гейтс да альянстын өлкөлөрүн АКШдай эле Ооганстандагы аскер контингенттерин көбөйтүүгө чакырды. Бирок бул чакырыкка европалык союздаштар анчейин үн кошкон жок. Болгону Италия –500, Германия 600 кошумча солдат жөнөткөнгө макул болду.

Союздаштардын мындай салкын мамилеси Гейтстин көңүлүн суутту.

Краковдогу маалымат жыйынында журналисттер ооган калкынын арасындагы бөөдө чыгымдар тууралуу да маселе көтөрүштү. Улуттар Уюмунун эксперттери жакында ырасташкандай, бейжазык өмүрү кыйылгандар саны Ооганстанда өткөн жылы мурдагы көрсөткүчтөргө караганда бир топ көбөйүп кетти.

Мындай учурларга жол койбоо үчүн альянстын күчтөрү бардык чараларды көрүп жатканына ишендирип, Схеффер эгер НАТОлук аскерлер ким бирөөнүн жазыксыз уулун же кызын, атасын же апасын тындым кылып, көптөгөн үй-бүлөлөрдү бөөдө жерден кайгыга сала турган болсо, баш катчы катары биринчи болуп өзү кечирим сурай турганына ишендирди.

Жолугушуунун бүгүнкү жыйындарында НАТОнун реформасына байланышкан маселелер сөз болот. Талкууларга Грузиянын жана Украинанын коргоо министрлери катышат.

Байкоочулар ушул эле күнү альянстын эмки баш катчысына негизги талапкердин ысымы аталышы ыктымал дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG