Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

НАТОнун тилеги: Россия Ооганстанга курал берсе


Ооганстан НАТО менен Россиянын мамилесин жакшыртуучу күч болууда.
Ооганстан НАТО менен Россиянын мамилесин жакшыртуучу күч болууда.

Андерс Фог Расмуссен НАТОнун башкатчысы катары шаршемби күнү Россияга алгачкы сапарга келди.

Бул НАТОнун башчысынын 2008-жылкы Россия-Грузия согушунан бери Москвага жасаган биринчи визити. Согуштун кесепетинен солгундап калган Кремль-Батыш мамилеси эми гана акырындап оңолууда. Расмуссен 16-декабрдагы сөзүндө талиптерге каршы согуш ийгиликсиз бүтсө, мусулман экстремизми Борбор Азияда жайылып кетиши мүмкүн деди.

НАТОнун башкатчысы А. Ф. Расмуссен(солдо) Россиянын премьер-министри В. Путин менен кездешүүдө.16-декабрь 2009
НАТОнун башкатчысы Кремлде Россия президенти Медведев жана Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешти. Расмуссен кабарчылар алдында сүйлөп, Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн Россияны Батыш альянсы менен тыкыс кызматташууга чакырды. НАТО эгерде талиптер талкаланбаса, Борбор Азиядагы ислам экстремизмине дарбаза ачылып, андан Россия да зыян тартышы этимал деп боолгойт. Ошон үчүн, “биздин Ооганстандагы жеңишибиз Россия үчүн да маанилүү” деди Расмуссен.

Ал альянстын жетекчиси катары Москвага биринчи кезекте НАТО-Россия алакасын жакшыртуу максатында келгенин айтып, ортодо айрым келишпестиктер бар экенин жашырбады:

- Айрым багыттар боюнча өз ара келишпестиктер бар экенин биз баарыбыз билебиз. Бирок коопсуздук жаатында көбүрөөк кызматташалы деген үмүт бар. Биздин коопсуздук багытындагы коркунучтарыбыз окшош деп ойлойм.

Өз кезегинде президент Медведев эки арада талкууланчу маселелер көп экенин белгилөө менен Россия НАТО менен кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин айтып, терроризм жана кылмыштуулук чоң көйгөй экенине көңүл бурду:
Ооган полициясы АКШ элчили менен Ооганстандын тышкы иштер министрлиги өткөрчү жыйынга келген адамдарды текшерүүдө. Герат. 16-декбарь 2009


- Россия-НАТО байланышына көп нерсе көзкаранды. Мен жакында эле Европанын коопсуздугу жөнүндөгү келишимди иштеп чыгууну сунуш кылдым. Сунушту НАТОлук өнөктөштөрүбүз да кылдат талкуулап жатканын билем.

Расмуссен шейшемби күнү Копенгагенден аттанар алдында НАТО жана АКШ талиптерге каршы согушта Россия менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген. Россия аркылуу Ооган жериндеги НАТОлук күчтөргө тамак-аш жана башка керектүү заттар жөнөтүлөт. Ооганстанга эшиктеш Пакистандан чыккан аскерий керебендерге козголоңчулар дембе-дем кол салып, чыгым көбөйө баштагандан улам НАТО Россия, андан ары Борбор Азия аркылуу каруу жарак ташууга муктаж жана бул ишке Москванын көмөктөшүүсүн каалайт. НАТО андан тышкары Россия Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктырууга аскерий адистерин жөнөнтсө деген үмүттө. Расмуссен Россияга Ооганстанга курал жарак жөнөтүүнү да сунуш кылды.

Ройтерс агенттиги 16-декабрда НАТОнун атын атабаган өкүлүнө шилтеп, Батыш альянсы Москва аскерий техниканы Ооганстанга бекер берүүсүн каалаганын кабарлады. Белгисиз калууну каалаган чиновниктин айтышынча, Ооганстан баарынан да тик учактарга жана артиллериялык куралдарга муктаж.

Россиянын НАТОдогу өкүлү Дмитрий Рогозин өткөн аптада Москва Ооганстанга куралдан башка “бардык нерселерди” жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.

Мурдакы СССР 1980-жылдары 10 жыл бою Ооганстанда кандуу согушту баштан кечирген. Ошон үчүн серепчилер Россиянын Ооганстанга аскер жөнөтүүсү саясый жактан мүмкүн эмес дешет.

XS
SM
MD
LG