Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

НАТО: 60 жылдык тарыхтын урунт учурлары


Алдыдагы күндөрү НАТОнун 60 жылдыгы белгиленет.

Алдыдагы күндөрү НАТОнун 60 жылдыгы белгиленет.

НАТОнун түзүлгөнүнө алдыдагы күндөрдө алтымыш жыл болот. Алянстын тарыхы европалык беш өлкөнүн аскери бирикмесинен башталган. Азыр анын курамында мурдагы социалисттик блоктун өлкөлөрү бар.

НАТОнун түзүлгөнү ырасмий түрдө 1949-жылы 4-апрелде Вашингтон келишими менен тастыкталган. Бирок алянстын жерпайы андан бир жыл мурда – 1948-жылы мартта - беш өлкө советтик коркунучтан жана коммунизмдин экспанциясынан чочулап Батыш Европа союзун түзүү тууралуу Брюсселде атайын келишимге кол койгон күнү түптөлгөн.

Алянстын "тушоосун" кескен келишим

Батышевропа союзунун коопсуздук жана коргоо ассамблеясынын президенти Роберт Уолтер НАТОнун “ тушоосун“ Брюссел келишими кескен деп эсептейт. “Алтымыш бир жыл мурда ага Бенилюкс өлкөлөрү, Франция менен Британия кол коюшкан. Алардын бир жылга созулган алянсы НАТОнун башаты болгон. Биз ушул келишимден тараганбыз”,-дейт Уолтер.

Брюссел келишиминде башкы максаттардын бири катары европалыктардын коргонуу союзуна кошулууга АКШны макул кылуу милдети каралган. Вашингтон келишиминен кийин алянска Канада, Дания, Исландия, Испания, Италия, Норвегия, Португалия жана АКШ кошулуп, беш өлкөнүн союзу бекемделген. Келишимде НАТОго кирген өлкөлөрдүн бирине ким бирөө кокустан кол салса, анда баары жабыла ага жардамга келүүгө милдеттенишкен. Бул 5-статьяда аныкталган.

1950-жылы Советтер Союзунун колдоосуна таянып Түндүк Корея Түштүк Кореяга басып кирет, корей согушу тутанат. Ошондон соң НАТОнун лидерлери СССР Батыш Германияга да кол салышы ыктымал деп кооптоно башташат.

1951-жылы НАТО Европадагы куралдуу күчтөрдүн башкы штабын түзөт,бул күчтөрдүн башкы колбашчылыгына америкалык генерал Дуайт Эйзенхауер дайындалат. Дагы бир жылдан соң алянска Греция менен Түркия кабыл алынат.

1955-жылы Парижде алянстын өлкөлөрү Батыш Германияны НАТОго мүчө кылып алууну чечишет. “ Мунун натыйжасында батыш Германиянын алянска алынышы абдан маанилүү болгон, - дейт Роберт Уолтер. – Буга катарлаш экономикалык өнүгүү жагынан Европа жамаатташтыгынын - азыркы Евросоюздун түзүлүшү да андан кем эмес мааниге ээ болгон“.

Шарл де Голлдун чечими

Элүүнчү жылдары АКШнын НАТОдогу таасири күч ала баштаган. Советтер Союзу менен НАТОнун ортосунда да кыйын-кычык кырдаал түзүлгөн. Алянс кадимки куралдардан ядролук ооздуктоо стратегиясына өтө баштаган.

Батыш менен Чыгыштын ортосундагы мамилелер кыйчалыштап, анын арты Берлин дубалынын курулушуна алып келген. Ошол эле жылдары Францияга жана Батыш Германияга атомдук арсеналдарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бергиси келбей, АКШ европалыктарга өзүнүн ядролук куралдарын сунуш кылган. Буга жооп кылып 1966-жылы президент Шарл де Голл Франция НАТОнун командалык структураларынан чыкканын жарыялаган.

Шарл де Голлдун бул чечими НАТОнун тарыхындагы жаңы этаптын башталышын билдирген. НАТОНун Белгия баштаган бир нече өлкөсү кыйчалыш кырдаалды кайра жандыруу саясатын сунуш кылышкан. Арадан көп өтпөй Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Вилли Брандттын демилгеси аркасында Батыш менен Чыгыш блогунун ортосундагы мамиле бир кыйла жакшыра түшкөн.

1972-жылы стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу келишимдин биринчи бөлүгүнө байланыштуу алянс өлкөлөрү арасында пикир келишпестиктер пайда болот. Европалык айрым өлкөлөр АКШ менен Советтер Союзу гана өздөрүнүн стратегиялык куралдарын өнүктүргөнгө мүмкүндүк алат деп чочулай башташат. Батыш Европа аскери тармактагы чыгымдарын кыскартып, ал эми СССР болсо өзүнүн ядролук ракеталарын жайылтканга өтөт. НАТО буга 1979-жылы өзүнүн ракетадан коргонуу системасын орнотуу менен жооп кайтарат.

Берлин дубалынын кулашы, СССРдин кыйрашы

Стратегиялык куралдарга байланышкан сүйлөшүүлөр Михаил Горбачевдун тушунда барып кайра жанданган. Көп өтпөй Берлин дубалы кулап, анын соңунан Советтер Союзу таркатылат.

“Берлин дубалынан кулаганы ошо кезде НАТОнун бүткөнү өңдөнүп көрүнгөн эле,-деп эскерет НАТОнун мурдагы басма сөз катчысы Жеми Шиа. – Ураган дубалдын ары жагында душман калбаган соң НАТОнун эмне кереги бар эле? Бирок “кансыз согуштун“ аякташы менен дүйнөдө жаңы кырдаал пайда болду. Ал НАТО үчүн коопсуздук жана коргонуу тармагында жаңы озуйпаларды аткарууга, Европада тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн кыйырын кеңейтүүгө мүмкүндүк ачты“.

Натыйжада НАТО таза коргонуу мүнөзүндөгү алянстан өз чек араларынан тышкары жерлерде согуш операцияларын жүргүзгөн уюмга айланды. Анын бул озуйпасы биринчи ирет 1995-жылы босниялык сербдерге каршы өткөрүлгөн өнөктүктөн көрүндү. Ошо кезде Чехиянын Вашингтондогу элчиси болуп турган Майкл Зантовски “капыстан эле НАТО ондогон жылдар бою тоталитардык режимде жашаган өлкөлөрдө, өзгөчө Балканда көтөрүлүп бараткан улутчулдуктун үйөрлөнгөн толкунун токтото алар оюнчу боло алары“ баарына дайын боло баштаганын эске салат.

Жаңы кырдаалдагы жаңы озуйпа

Андан көп өтпөй 1999-жылы НАТО Сербия менен Черногорияда операция өткөрдү. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлин Олбрайттын айтымында, “бул операция өтө маанилүү болгон, анткени ал өз үйүндө, өз жеринде ыдык көргөн адамдардын эркиндигин камсыз кылууга байланыштуу иш эле. Ошол операциялар НАТОнун жаңы озуйпасын аныктады“. Косово кампаниясынын өнөгөсү азыр Ооганстанда улантылууда.

2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан улам башталган Ооганстандагы операциялар НАТОнун өнүгүшүндөгү дагы бир тарыхый бурулушка айланды. “Бул кампания XXI кылымда коопсуздук чөйрөсүндө НАТО таптакыр башкача маанидеги проблемаларды чечкенге даяр турушу керектигин көрсөттү“,-дейт Жеми Шиа.

Кеңейүү процесси - табигый көрүнүш

Лондондогу падышалык институттун коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн директору Майкл Кларк НАТОнун жакындагы тарыхынан дагы бир учуруду бөлүп көрсөтөт. 1999-жылдан баштап алянска Полша, Венгрия, Чехия жана Балтик өлкөлөрү кошулду, быйыл Хорватия менен Албания мүчө болгону турат. Бу процессти Кларк алянстын мезгилге ылайык жаңыланып жатканына жоруйт. “НАТОнун кеңейиши, менимче, табигый жана туура көрүнүштү билдирет. Эгер алянс кеңейбесе, анда аны таркатуу жүйөлүү болмок эле“.

Кларк азыр НАТО “кансыз согуш“ кезиндей эле маанилүү озуйпаларды аркалап жатат деп эсептейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG