Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

НАТОго экс-советтик өлкөлөр жакын арада кошулаары күмөн


НАТОго мүчө боло турган Албаниянын баш калаасында альянстын желеги желбирейт, 4-апрел, 2009-жыл.

НАТОго мүчө боло турган Албаниянын баш калаасында альянстын желеги желбирейт, 4-апрел, 2009-жыл.

1989-жылдын ноябрында Берлин дубалы кулаганда ал кезде болгону 16 өлкө мүчө болгон НАТО биримдигинин милдет-вазийпалары бардыгына айдан ачык болчу. Быйыл Хорватия менен Албания кошулса, акыркы он жылда НАТОнун курамы 28ге жетет, уюмдун эшигин кагып, кирүүгө сурангандар дагы бар. Уюмдун түзүлгөнүнө ушул аптада 60 жыл толуп жаткан тапта НАТОнун мындан аркы кеңейишинен күмөн саноолор көбөйдү.

2008-жылы апрелде НАТОнун Бухарестте өткөн саммитинде Украина менен Грузиянын НАТОго кириши жакында боло турган иш эмес экендиги айгине болгон эле. Анан августта орус-грузин согушу орун алды. Жакында Прагада болушунда анын мурдагы коргонуу кызматкери Эдгар Бакли НАТОдогу мына ушул окуялардан кийинки маанайды мындайча мүнөздөдү:

Убагы келгенде Грузия менен Украина НАТОго кошулса эмне үчүн болбосун? Бирок алар коңшулары менен жакшы мамиледе болушсун. Антпесе, Грузияны кошуп алабыз деп Орусия менен согуша турган болсок, биз буга жол бере албайбыз.

Ушул аптада НАТОго кирген 26 өлкөнүн мамлекет башчылары уюмдун 60 жылдыгын Францияда жана Германияда майрамдашат. Ал салтанаттарда болжолу жаңы мүчөлөрдү, айрыкча мурдагы советтик жумурияттардан талапкерлерди кабыл алуу маселеси дээрлик жокко чыккандыгы айгинеленет шекилдүү.

Грузия менен Украина гана эмес Греция менен талашы чечиле элек Македониянын мүчөлүгү да азыр суроо астында.

НАТОнун кеңейишинин токтоп калышына Орусиянын каршылыгынан башка да себептер бар. НАТОнун өз ичинде бул маселеде терең пикир келишпестиктер бар. Кошмо Штаттары менен Британия жана ошондой эле жаңы мүчөлөр жаңы мамлекеттерди кабыл алууну жакташса, Франция, Германия, Италиянын буга каршылыгы улам өсүүдө.

Грузия менен Украина сыяктуу жаңы талапкерлер саясий жактан да, куралдуу күчтөрүнүн даярдыгы боюнча да НАТОго кирүүгө даяр эмес деген түшүнүк да күч алып жатат.

Ал эми айрым аналитиктер Германияга Орусия менен бизнес кызыкчылыктарынан улам НАТОнун кеңейишине каршы болуп жатат деген кине коюшууда.

Кеңейүүгө каршылык ушунча күч алгандыктан, Франциянын коргоо министри Эрве Моран алтургай НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишинде Орусия менен кеңешиш керек деп чыкты.

АКШнын жаңы президенти Барак Обама Москва менен ымалашууга артыкчылык бергени да Франция менен Германиянын турумун бекемдеп жаткандай.

Ушуга байланыштуу Вашингтондогу Өткөөл Демократиялар долбоорунун жетекчиси Брюс Жэксон Орусия боюнча мунасанын жоктугу НАТОнун турумун чабалдантып жаткандыгын белгилейт:

НАТО Орусия боюнча мунасасыз деле ишин күжүрмөн уланта алмак. Бирок НАТОнун башкы чечим чыгаруучу кеңешиндеги бөлүнүп-жарылуу уюмдун ишине кедерги болгон башкы бөгөт болуп жатат. Аскердик уюм мындай бүдөмүк абалда кала албайт.

Ошол эле мезгилде НАТОнун кеңейиши биротоло токтоп калган жок. Бухарест самитинде Албания менен Хорватия альянска кирүүгө чакыруу алган. Алар ушул жылы 27-28-мүчө болуп кошулмакчы. Кансыз согуштун мезгилинде нейтралдуу макамда болуп келген Швеция менен Финляндия да НАТОго кириши мүмкүн деген сөздөр бар.

Бирок акыркы 10 жылда мурда СССРге кирген балтиялык үч өлкөнү кабыл алган НАТОго экс-советтик жумурияттардын кошулушу белгисиз мөөнөткө токтоду көрүнөт.
XS
SM
MD
LG