Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ирак аскерлери Мосулдун батышына киришти


Ирактын аскерлери Мосул шаарынын батышындагы конуштарга киргени кабарланууда.

24-февралда генерал-лейтенант Сами ал-Ариди куралдуу күчтөр Ал-Маамун районуна кирип барышканын билдирди.

Кечээ өкмөттүк армия Мосул аэропортун жана Газлани аскердик базасын, бир кыштакты согушкерлерден кайтарып алышканын кабарлашкан. Калаанын чыгыш бөлүгү "Ислам мамлекети" террордук тобунан январда бошотулган.

Жоочулар Мосулду 2014-жылдын жайында басып алышкан. АКШ расмий өкүлдөрү шаарда дагы 2 миңдей согушкер бар экенин 20-февралда билдиришкен.

Ирактын экинчи ири калаасы Мосулда дагы деле 750 миңдей жайкын тургун кала берүүдө. Аскерлер шаардын батыш ыптасында бөлүгүндө тар көчөлөр көп болгондуктан оор техника менен кирип баруу кыйын болуп жатканын буга чейин айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG