Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Х.Клинтон Европада: алгачкы сапардын акыбети


Белгия - АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер министрлер жыйынында.5-март 2009-жыл.
Белгия - АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер министрлер жыйынында.5-март 2009-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Жакынкы Чыгыштан соң Европага келди. Бейшемби күнү Брюсселде ал НАТОлук министрлердин кеңешмесине катышты. Бүгүн Женевада орус тышкы иштер министри менен жолугушат.

Кеңешмедеги сөзүндө мамкатчы Хиллари Клинтон альянс менен Россиянын ортосундагы мамилелерде “алга жылуу керектигин” белгиледи. Абал өзүнөн өзү оңолот деп күтүп отурганга болбойт.

“Жалпы таламдарга төп келген маселелерде, анын ичинде ооган элине жардамдашууда биз Москва менен конструктивдүү мүнөздө иштеше алабыз жана иштешүүгө тийишпиз”,-деп айтты Клинтон. Ошол эле учурда алянстын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына калганда НАТО өз принциптеринен четтеп кетпеши да керек.

Буга кошо мамкатчы алянсты өз каалгасын Грузия менен Украина үчүн ачык калтырганга, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныбаганга чакырды.

Кеңешмеге катышкан башка министрлер да иш жүзүндө мамкатчынын ушул ойлорун кайталашты. Баш катчы Яаап де Хооп Схеффер “бир катар маселелерде, алардын ичинде Грузияга байланышкан иштерде НАТО менен Россия ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер бар экенин” танган жок.

Ошол эле учурда Москва менен алянстын “жалпы кызыкчылыктарын” да моюнга алды жана алардын арасында Ооганстанды, терроризмге каршы күрөштү, ядролук куралдарды таркатпоо сыяктуу проблемаларды атады.

Жыйындын соңунда НАТОлук министрлер Россия менен мамилелерди жогорку деңгээлде кайра жандантууну чечишти. “Россия маанилүү оюнчу,Россия глобалдык оюнчу, бул деген аны менен сүйлөшпөй коюуга болбойт деген кеп”,-деп айтты баш катчы Схеффер.

НАТОнун бул чечимин мамлекеттик катчынын орустар менен алакаларды “оңдоп түзүү” багытындагы тырмак алды ийгилиги десе болот. Бул багыттагы маселелердин кеңири чөйрөсүн Клинтон бүгүн Женевада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен талкуулайт.

Америкалык айрым гезиттер, алардын ичинде The Washington Post АКШнын азыркы администрациясы Москва менен мамилелерди “оңдоп түзүү” максатында омоктуу бир катар демилгелерди камдап жатканын жазып чыгышты. Алардын баарын Обама эмдиги айдын башында Лондондогу жыйын маалында Медведевге тапшырат дешет.

Экинчи бир эксперттер да Вашингтон “дипломатиялык жапырыкка” өткөнү жатканын ырасташып, анын антиамерикалык маанайды тутунган Иран, Сирия сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле Жакынкы Чыгыш үчүн майнаптуу болорунан кадиктенишет, ал эми Россияга калганда мындан бир топ эле нап чыгат деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG