Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Франция-НАТО:Парламент президенттин чечимин колдоду


Франция -- Президент Николя Саркози 43 жылдан кийин Шарл де Голлдун чечимин өзгөртүп,өлкөнү НАТОнун аскерий структураларына кайра кошту.

Франция -- Президент Николя Саркози 43 жылдан кийин Шарл де Голлдун чечимин өзгөртүп,өлкөнү НАТОнун аскерий структураларына кайра кошту.

Шейшемби күнү кечинде Франциянын Улуттук жыйыны – парламенти - өкмөткө ишеним көрсөттү, муну менен НАТОнун аскерий структурасына өлкөнүн кайра кошулушун жактады.

Алянстын аскерий структурасына Францияны кайра кошуу чечимин президент Николя Саркози өткөн аптада жарыялаган эле. Бул чечимди оппозиция эле эмес, башкаруучу партиянын бир катар мүчөлөрү да сынга алышкан. Парламентте бүйүр кызыткан талкуу-талаштарды тутантпас үчүн премьер-министр Франсуа Фийон өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин күн тартибине койду.

“Тышкы саясатты жалпы эл шайлаган президент аныктайт,анын чечими парламенттеги талкуу-талаштардын предмети боло албайт. Ошондуктан мен болгону бул саясатты колдоп берүүнү гана өтүнөм”,-деп көрсөттү премьер.

Көпчүлүк депутаттар өкмөттү колдоп добуш беришти. Оппозиция каршы болду. Экс-премьер, социалист Лионел Жоспен “президенттин позициясы коргонуу маселеси боюнча жалпы улуттук мунасага шек келтире турганын,айрым деңгээлде өлкөнүн суверенитетин да козгоп жатканын” белгиледи.

Маселе парламентте колго салынар алдында коргоо министри Эрве Морен негизинен президенттин чечимин кубаттады. Ошол эле учурда Морен алянс азыр дүйнөнүн башка аймактарында “тынчтыкты жана коопсуздукту” камсыз кылуучу күч болуп баратканын айтып, НАТОну глобалдык уюмга айлантуу аракетинен сактандырды. Буга кошо ал Россияны катыштырбай туруп НАТОну кеңейтүү, анын ичинде ага Украина менен Грузияны мүчө кылуу маселесинде эчтеме чечүүгө болбой турганын да эскертти.

Вашингтондогу “Мурас” фондусунун эксперти Жеймс Филлипс француз министринин айрым ойлорун туура көрөт. “НАТО өз мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактоо милдетин аркалаган аскерий алянс,- деп эске салды ал. – Акыркы жылдары анын көпчүлүк операциялары жаңжалдуу аймактарда тынчтыкты камсыз кылуу максатын көздөй баштады. Ошентсе да НАТОнун баштапкы максатын - өз мүчөлөрүн тышкы агрессиядан коргоо озуйпасын капардан чыгарып салуу кооптуу болор эле деп ойлойм”.

НАТОну глобалдык уюмга айлантуу дымагын Филлипс да туура эмес деп эсептейт. Мындан тышкары Россия менен басташуу маанайы алянсты күчтүү кыла албайт. Ошону менен бирге бардык маселелерде эле Россияга кылчактай бергенге да болбойт. Бул жагынан Филлипс француз министринин пикирине анчейин кошула бербейт.

Вашингтондогу Като институнун эксперти Гален Карпентер соңку он жылдыктарда европалыктар Россия менен касташканды каалабай калышканын,мындай маанай “кансыз согуш” өңдөнгөн тирештин жаңы түрүн пайда кылат деп эсептешерин белгиледи. НАТОну кеңейтүүнүн биринчи жана экинчи айлампасы Батыш менен Россиянын ортосундагы мамилелерди бир топ начарлатты, эми Украина менен Грузияга байланышкан айлампа алакаларды дагы кыйындатышы мүмкүн.

Карпентер бу маселенин дагы бир өңүттүн бөлүп көрсөттү. НАТОну кеңейтүү процесси Россиядагы демократиялык, батышчыл элементтерди бүлүнтүп,улутчул авторитардык бийликтин азуусун бүлөп салды. Путиндин улутчул дымагы ашынып баратканын Карпентер батыштагылардын калпыс аракеттеринен көрөт.
XS
SM
MD
LG