Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

НАТО жана Борбордук Азиядагы коопсуздук


Ооганстандагы президенттик шайлоого карата НАТО кошумча аскер күчтөрүн жөнөткөн жатат. Ошондой эле НАТО күчтөрүнүн алдында Ооганстан менен Пакистандагы Талибандын уюктарын талкалоо милдети да турат. НАТОнун Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуудагы ролу жөнүндө "Азаттыкта" эксперт К.Өмүралиев ой-пикир бөлүштү.

- Кубанычбек мырза Франциянын Страсбург шаарында НАТОнун 60 жылдык мааракесине арналган саммити аяктады. Анда Оганстанда коопсуздукту камсыз кылуу маселеси дагы козголду. Борбор Азияда НАТО канчалык деңгээлде коопсуздукту камсыз кыла алат?

-Биринчиден НАТОго мүчө мамлекеттер Германиянын Келн шаарынан Страсбургка өтүү салтанатын дүйнөгө көрсөтөлүк деп, анан Албания менен Хорватияны мүчөлүккө кабыл албадыбы. Экинчиси, бул биринчи жолу ушундай саммитте жыйын үзгүлтүккө учурап калуу көрүнүшү болбодубу.

НАТОнун жаңы башкы катчысын Даниянын мурдагы премьер-министрин шайлоодо Түркия өзүнүн добушун бербей, анан кайра сүйлөшүүлөр аркылуу добуш берип жаңы башкы катчы шайланганын айта кетишибиз керек.

Себеби, НАТО бир чети чоңоюп баратат, ошол эле учурда Түркия альянстын мурдагы тажрыйбасы бар мүчөсү катары өзүнүн салмагын көрсөтүп койду. Муну эки жактан караса болот.

Бул мусулман дүйнөсүнүн дагы ушул альянстын ичинде да дүйнөгө өзүнүн үнүн чыгарып көрсөтө алды деп ойлойм. Муну айтып жатканым, мындан жети-сегиз жыл мурда Мухамбед пайгамбардын сүрөтүн карикатура кылып Даниянын бир басмасы чыгарган да.

Ошондо НАТОго азыркы жаңы башкы катчы болгон адам (Даниянын мурдагы премьер-министри Андерс Расмуссен. авт.) Даниянын премьер-министри болуп туруп сөз эркиндиги деп аларды колдоп койгон. Ошону эске алып Түркиянын кыр көрсөткөнү, бул НАТОго мүчө өлкөлөргө аз дагы болсо сабак болду деп ойлойм.

Дүйнөдө Орто Азия десе эле бизге коңшу беш мамлекетти айтып жүрүшөт. Чындыгында Орто Азияга Ооганстанды дагы киргизишет. Көбүнчө НАТОнун көңүлү Орто Азиядагы Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу болот. Мына кечээги жолугушуусунда Ооганстанга 5 миң, 6 миң жоокер деп ар кандай булактарды айтып жатышат.

Эми алты миңге жакын жоокерди дагы кошумча жиберебиз деди. Азыр Ооганстанда 70 миңдей аскер бар. Анын көпчүлүгү америкалыктар. АКШнын президенти Барак Обама бир-эки айдын ичинде эмес, ушул жылдын аягына чейин АКШ 17 миң жоокерди жиберебиз дебеди беле.

НАТОнун саммитиндеги 6 миң жоокерди жиберебиз деп жатканынын башкы себеби, бул Ооганстандагы быйыл өтүүчү президенттик шайлоонун коопсуздугуна карата дешти. Экинчиси, Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы көптөн берки талибандардын уюктарын талкалоо деп жатышпайбы. Менин оюмча дүйнөлүк коомчулук анын ичинде АКШ, НАТО альянсы бул маселеге көп көңүл бурушат.

- АКШ президенти Барак Обама Прага шаарында Европа Биримдигинин саммити болоор алдында дүйнөнү өзөктүк куралдардан арылтуу керектигин айтты. Анын мындай демилгесин Түндүк Корея менен Иран колдоор бекен?

-Түндүк Кореяда көптөн берки сөз болуп жаткан ракетаны учурушпадыбы. Эми ага Жапония, Түштүк Корея, АКШ биринчи ирет каршы чыгышпады беле. Эми Ирандагы өзөктүк программаны куралдык эмес тынчтык түрүндө жүргүзөлүк дегенине булар каршы болуп жатышпайбы.

Менимче Барак Обаманын Прагадагы бүгүнкү айткан жарыясы, дүйнөнү өзөктүк куралы жок куралы дегени, өзү айткандай, бул маселе бир күндө, бир жылда же он жылда чечилүүчү маселе эмес. Бул президент Барак Обаманын туура идеясы. Муну дүйнө жүзү колдоп жер жүзүн өзөктүк куралдан эркин кармашы абзел.

- Маегиңизге рахмат.

НАТОнун тарыхы кыска тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00

XS
SM
MD
LG