Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:22

НАТО Россия менен кызматташтыгын кеңейтет


Баш катчы Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги Карнеги корундагы маалымат жыйыны маалында.
Баш катчы Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги Карнеги корундагы маалымат жыйыны маалында.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен жума күнү Брюсселде Карнеги корунда сөз сүйлөп, Россияны коопсуздук чөйрөсүндө альянс менен кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.

Баш катчынын сөзү толугу менен НАТО-Россия мамилелерине арналды.

"Мен куру кыялкеч эмесмин,-деп билдирди Расмуссен. – Эки тарап мунаса таба албаган бир катар маанилүү маселелер бар, бу карама-каршылыктар бир түндө жок болуп кетпейт". Ошентсе да ал келечекте кыйла майнаптуу кызматташуу өз ара алакаларда жаңы этапты баштоонун мүмкүнчүлүгүнө ишенет.

Баш катчы "эки жактын коопсуздугуна бирдей коркунуч келтирип жаткан маселерлер боюнча орток пикир табылган бардык чөйрөлөрдө НАТО менен Россия практикалык кызматташтыгын чыңдоо үчүн иштерди токтоосуз баштоо керектигин" белгиледи.

Өз ара ишеним түзүү үчүн Расмуссен НАТО-Россия кеңешинин ишин активдештирүүнү жактайт, аны "Европадагы тынчтыкка жана баракатчылыкка байланышы бар маселелерди талкуулоонун форуму катары пайдалануу керек" деп эсептейт. Тараптар азырынча "аларды айрымалаган маселелерге өтө эле көп күчүн үрөп жатат".

Баш катчы жаңы коопсуздук архитектурасын түзүүнү сунуш кылган Москванын демилгелерин талкуулап көргөнгө альянс даяр экенин ырастады. Москвага да альянс өз сунуштарын жөнөтөт.

Европада ракетадан коргонуу каражаттарын жайгаштыруудан баш тарткан Ак үйдүн чечимин Расмуссен глобалдык коопсуздук чөйрөсүндө жаңы кызматташтыкка жол ачар кадам катары баалап, НАТОго, АКШга жана Россияга өздөрүнүн ракетадан коргонуу системаларын бириктирүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Расмуссен ошондой эле Москванын Тегеранга таасир көрсөтүп,аны атом программасынан айнытканга мүмкүндүгү бар деп эсептейт жана ушуга үмүт кылат. Альянс болсо НАТОну кеңейтүү процесси Россияга каршы багытталган иш эместигине Москваны ынантканга аракет кылат.

Бу маселед былтыр Бухаресте кабыл алынган чечимдерге токтолуп, Расмуссен алардан альянс баш тартпай турганын,Грузия менен Украинанын НАТОго кабыл алынышы бул эки өлкөнүн даярдыгына жараша болорун эскертти."Азыр алар альянстын талаптарына шайма-шай эместиги баарына дайын",-деп моюнга алды баш катчы.

Акыркы жылдары альянс менен Москванын мамилелери бир кыйла кыйчалыштап кеткен эле. Өзгөчө Кавказдагы кайсоорун уруштан соң НАТО-Россия кеңеши иштебей,илкип-калкып калган. Быйыл августта НАТОнун баш катчылыгына шайланган Расмуссен буга чейин эле Россия менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу жана өнүктүү керектигин бир нече курдай айткан эле. Анын жума күнкү доклады бул темадагы анын кеңири маанидеги биринчи кеби болду.

Россиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин баш катчынын сөзү "өтө позитивдүү жана конструктивдүү маанайда" болгонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG