Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

НАТОнун баш катчысы Москвада


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Москвада.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Москвада.

Бүгүн Москвада НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен орус жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Алянстын жетекчиси иретинде ал Россияга биринчи ирет келип отурат.

Андерс Фог Расмуссен бейшембиге чейин созула турган сапар маалында орус-грузин согушунан улам алянс менен Москванын салкындап кеткен мамилелерин жандантканга аракет кылат. Бүгүн ал президент Дмитрий Медведев, андан соң премьер-министр Владимир Путин менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө,сыйкы, негизинен ооган темасы кеңири сөз болот көрүнөт. Батыш аскерий алянсы өзүнүн Ооганстандагы операцияларына Россиянын активдүү тартылышын каалайт.

Эгер НАТОнун ооган жериндеги озуйпасы оңунан чыкпай калса ислам козголоңчулар кыймылы Борбор Азияга жайылып кетиши мүмкүн экенин Москва да жакшы түшүнөт. Орус элчиси Дмитрий Рогозин өткөн аптада Россия Ооганстанга аскер контингентин жөнөтө албайт, бирок калган жагынан колдон келген жардамын көрсөткөнгө даяр деп ырастады.

Россия өз аймагы аркылуу НАТОнун Ооганстандагы контингентине аскерий техникаларды ташып өткөнгө макулдук берген. Алянстын штабындагылар муну жетишсиз деп эсептешет. Алар, атап айтканда, орустар ооган армиясын курал-жарак, айрыкча автомат, тикучма, бензин жана башка керектүү материалдар менен жабдыса, болгондо да муну акысыз негизде жасаса деп каалашат.

Өз кезегинде Москванын да талаптары бар. Ал башынан эле НАТОну кеңейтүү процессине, өзгөчө Украина менен Грузияны алянска мүчө кылып алуу планына ачык каршы чыгып келатат.

"Алянс менен кызматташуу азыр Россиянын кызыкчылыктарына төп келет, алянс да көп жагынан,айрыкча ооган маселесинде Москва менен ийиндеше иштешкиси келет, - дейт москвалык эксперт Павел Фелгенгауэр. – Жалпы ушул мүдөө байланыштарды чыңдоого көмөктөшөт, ошентсе да бул визиттен өзгөчө бир бурулушту күтүүгө болбойт".

Расмуссен мындан тышкары орус жетекчилери менен ракетадан коргонуу маселесин, Европадагы жаңы коопсуздук системасына байланыштуу президент Медведевдин сунушун талкуулайт. НАТОдо бул идеяга кооптонуу менен карап, андан алянсты бөлүп-жарып, алсыратуу мүдөөсүн көрүштү.

Айрым эксперттер Москва сунуш кылган коопсуздук концепциясын толук бойдон кабыл алуу кыйын, бирок келечекте эки тарап бу маселеде баары бир кандайдыр бир келишимге келиши керек дешет.

XS
SM
MD
LG