Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Кадыров чечен жоокерлери Сирияда кызмат өтөп жатканын ырастады


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Рамзан Кадыров 24-январда Инстаграмдагы баракчасына чечен муфтийи Салах-хаджи Мезхиев жана Мамдума депутаты Адам Делимханов жакында эле Сириядан келгенин жазды.

Кадыровдун айтымында, алар Сирияда кызмат өтөгөн чечен аскерлерине жолугушкан.

Маалымат каражаттары Чеченстандын атайын багыттагы жоокерлери Орусиянын Хмеймимдеги аскер базасын коргоп жатканын декабрь айында маалымдаган эле. Анда Кадыров ал маалыматты төгүнгө чыгарган.

Чечен лидери Инстаграмдагы кабарында Мезхиев жана Делимханов Алепподо болгонун, президент Башар Асаддын бир тууганы, аскер башчылардын бири Махер Асад менен жолугушканын белгилеген.

Орусия куралдуу оппозицияга каршы күрөштө Сирия өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG