Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Шыкмаматовдун тарапкерлери Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылды


УКМК алдында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовду колдогон митинг уланууда. Депутаттын тарапкерлери жана жарандык активисттер президент Алмазбек Атамбаевден оппозицияны куугунтукка алууну токтотууну, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Депутат азырынча атайын кызматтын имаратынан чыга элек. Ал алты сааттан бери сурак берүүдө.

Митингдин катышуучулары Алмамбет Шыкмаматов чыкмайынча тарабай турганын билдиришип, аны менен жолуктуруу үчүн «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенкону киргизүүнү талап кылып жатышат. Тарапкерлер «Шыкмаматовго эркиндик!» деп кыйкырып турушат.

Башкы прокуратура Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG