Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Грузия НАТО менен Россияны кайра араздаштырганы калды


Грузия -- Президент Михаил Саакашвили өкмөт жыйынында НАТОнун машыгууларына байланыштуу Россиянын каршылыгын АКШ четке какканын маалымдады.
Грузия -- Президент Михаил Саакашвили өкмөт жыйынында НАТОнун машыгууларына байланыштуу Россиянын каршылыгын АКШ четке какканын маалымдады.

6-майда Грузияда НАТОнун машыгуусу башталат. Буга Москва каршылыгын билдирип,7-майга белгиленген Россия-НАТО кеңешинин аскерий штаб башчылар жыйынына катышпай турган болду.

НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасындагы кезектеги машыгуулар Грузияда майдын этегине чейин созулат.

Өткөн аптада орус президенти Дмитрий Медведев "мындай аракеттер "булчуң көрсөтүү" мүдөөсүн билдирерин, Кавказда кырдаал кыйчалыштап турганда аскерий компонентти күчөтөрүн айтып,алянсты машыгуулардын өткөрүүдөн баш тартууга чакырды. Мындан тышкары ал "алянстын бул чечими тараптардын ийин суутуп, Россия менен НАТОнун байланыштарын толук кемелине келтиргенге көмөктөшпөй турганын" да эскертти. "Биз бул жерде эмне болорун абдан агылгалап байкап турабыз жана ошого жараша чараларды көрөбүз",-деп айтты Медведев.

Мунун соңунан Москва Россия-НАТО кеңешинин 7-майга белгиленген штаб башчылар жыйынын өткөрбөй турганын алянска кабарлады.

НАТОнун өкүлү Роберт Пшел пландалган машыгуу "булчуң көрсөтүү" ишаарасы эместигин белгиледи. "Машыгууга эч кандай артиллерия,танк же ушул өңдүү оор аскер техникалары тартылбайт. Болгону ага катышкан 450 чакты персонал массалык кыргын куралдарынан коргонуу ыкмаларына,аскерий эвакуация өңдүү кадимки эле көнүмүш операцияларга жатыгышат".

Анын үстүнө "бул машыгуу эбак эле пландалып, мурдатан эле маалымдалган. Грузия "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын мүчөсү катары ушундай сунуш киргизип,ал кабыл алынган. Мындай машыгуулар мындан ары башка жерлерде,балким,Россиянын өзүндө да өткөрүлүшү мүмкүн".

Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр борборунун аскери анализдер бөлүмүнүн башчысы Кристофер Лангтон НАТО Москванын каршылыгынан улам пландалган бул иштен баш тартпашы керек, ошол эле учурда аны орустардын кычыгына тийбегидей кыяпта өткөрсө болот деп эсептейт.

"Мындай машыгуулар "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын негизинде мурдатан эле боло жүргөн. Россия ага эч качан каршы болгон эмес. Бирок азыр орус-грузин мамилелеринин оор абалын эске алганда,мунасалуу чечим табууну караштырып көрсө болот",-дейт Лангтон.

Москванын майда Россия-НАТО кеңешин өткөрүүдөн айнып калганын Лангтон керагар кадам деп баалады. Эгер жагдай ушул оролдо өнүгө берсе, анда бул Россиянын алянс менен эле эмес,түпкүлүгүндө АКШ менен мамилелерине да салакасын тийгизет.Муну менен Москва белгилүү өлчөмдө Вашингтондогу жаңы администрацияны сынактан өткөргөнү жатат.

Грузиядагы машыгууларга баары болуп он тогуз мамлекет,алардын ичинде Кавказдан – Армения менен Азербайжан,Борбор Азиядан – Казакстан катышмак болгон. Бирок Астана акыркы кезекте айнып калды.

Абхазия болсо НАТОнун операциясына жооп кылып капыл-тапыл эле өзүнчө аскерий машыгууларды өткөрүүнү чечти. Грузия менен тогошкон чек ара бойлоруна россиялык аскерлер жайгаштырыла баштаганын абхаздардын тышкы иштер министри Сергей Шамба ырастады.

XS
SM
MD
LG