Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

НАТО менен Россияны эми тыңчылар тырчыйтты


Белгия -- НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер россиялык эки дипломаттын Брюсселден чыгып кетишин талап кылды.

Белгия -- НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер россиялык эки дипломаттын Брюсселден чыгып кетишин талап кылды.

Россиянын НАТОдогу миссиясында иштеген эки дипломатты алянс тыңчылык иштерге аралашканы үчүн айыптап, Брюсселден чыгарып жиберди. Өз кезегинде Москва буга жооп кайтарганы жатат.

НАТО орустардын алянстагы миссиясында иштеген эки дипломаттын - Василий Чижов менен Виктор Корчаковдун Брюсселден чыгып кетишин талап кылды. Булардын биринчиси - Россиянын Евросоюздагы элчиси Владимир Чижовдун уулу. Экөөнү тең алянс тыңчылык иштерге аралашкан деп эсептейт.

Алянстын бул чечимин орус элчиси Дмитрий Рогозин "Россия-НАТО кеңешинин ишин кайра жандантуу жана алдыдагы пландарды,алардын ичинде эки тараптын министрлер деңгээлиндеги жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга багытталган кашкайган провокация" катары баалады.

Дипломаттардын тыңчылык иштерге эч кандай тиешеси жоктугун айтып,Рогозин: "Мындай кадам караманча жоопсуз калбайт, ал кандай болорун НАТО эртең эле билет",-деп эскертти.

Россиянын тышкы иштер министрлиги алянстын чечимин "ачуу келтирген кадам" деп атап, Москва менен мамилесин жакшыртуу жөнүндөгү НАТОлук жетекчилердин сөзү менен иши дал келбей жатканын белгиледи.

Шаршемби күнү Брюсселде элчилер деңгээлинде Россия-НАТО кеңешинин жыйыны өткөн эле. Алянстын өкүлү Жеймс Аппатурай тараптар өз ара алакаларды үзүрдүү кылганга ниеттүү экенин ырасташканын кабарлап, муну жыйындын эң башкы жыйынтыгы деп атаган болчу.

Жолугушуу аяктар замат НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схефер россиялык эки дипломат Брюсселден чыгарылганы жатканын жарыялаган. "Муну менен жыйындын бардык натыйжалары жокко чыкты",-деп айтты Рогозин.

Андан мурдараак The Financial Times гезити НАТОнун баш кеңсесинен россиялык эки дипломат куулганы жатканын кабарлаган эле. Басылма ырастагандай, бул чечим быйыл февралда Эстонияда соттолгон Херман Симмдин ишине байланыштуу кабыл алынды.

Симм коргоо министрлигинин коопсуздук кызматын жетектеп турган кезде өз өлкөсүнө чыккынчылык кылганы үчүн он эки жылга түрмөгө кесилген. Сот анын кайсы өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылганын атаган жок, бирок тергөөчүлөр аны бир нече жыл бою НАТОнун иши тууралуу орус тыңчыларына көптөгөн жашыруун маалыматтарды берип турганын айтышкан.

Алянстагылар россиялык эки дипломаттын Симм менен байланышы болгон деп чечишти.
XS
SM
MD
LG