Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Россия кааласа НАТО эшигин ачат


АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт жана НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен НАТОнун өнүгүү консепциясына арналган пресс-конференцияда. Брюссель. НАТОнун башкеңсеси. 17-май 2010
АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт жана НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен НАТОнун өнүгүү консепциясына арналган пресс-конференцияда. Брюссель. НАТОнун башкеңсеси. 17-май 2010

Келерки он жылда НАТО алыс чет өлкөлөрдө дагы өнөктөштөрү менен бирге операция жүргүзчү универсалдуу жана эффективдүү уюмга айланыш керек.

Мындай сунушту НАТОнун өнүгүү стратегиясы боюнча АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт башындагы эксперттер тобу жасады. Ольбрайт айымдын айтышынча, НАТОго кошулууга дилгир бир да өлкөнүн, анын ичинде Россиянын арызы

канаатандырылбай калбаш керек.

- Маселе мында: Алар(Россия) НАТОго мүчө болууну каалайбы? Менимче, силер алардын мүчө болуусуну, демократия өкүм сүрүшүн каалайсыңар. Силер альянска жайылып кетчү ар кандай жаңжал-чатактардын болушун каалабайсыңар. Бул Ортолук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн уюмга кабыл алуудагы негизги суроо болгон. Анткени, аларда Румыния-Венгрия ортосундагыдай жөнгө салынчу айрым эндемиялык (жергиликтүү) конфликттер бар эле.

Москва Чыгыш жана Ортолук Европа өлкөлөрүнүн НАТОго кошулуусу Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратаарын айтып, альянстын бу багытта кеңейүүсүна каршы экенин дембе-дем айтып келет. Бирок, эксперттер НАТО-Россия кызматташуусуна, ошондой эле НАТО-Россия кеңеши өз ишин үзүрлүү жүргүзүүсүнө өтө чоң маани беришет. Кеңеш 2008-жылкы Россия-Грузия согушунан кийин

НАТО-Грузия аскерлери "Тынчтык үчүн кызматташуу" программасынын алкагында өткөрүлгөн машыгуу учурунда. Грузия. Вазианидеги аскерий база. 1-июнь 2009

бир нече ай иштебей калган.

- НАТО-Россия кеңеши өз ара диалогдун эң сонун жолу,-деп улантты Мадлен Олбрайт.- Контр-терроризм, маң аткезчилиги, климат сыяктуу биз чогуу иштечү проблемалар бар экенин билебиз. Башка да ар кыл орток көйгөлөр бар. Сунушта ракетадан коргонууда жарнакташып иштешеүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлдүк.

Чет элдик байланыштар кеңешиндеги талкууда НАТОго талапкер экс-советтик Грузия жана

НАТО жетектеген эларалык күчтөрдүн курамындагы канадалык(ортодо) жана америкалык жоокерлер черүүдө. Ооганстан. Кандагар провинциясы, Данд вилаети, Буланди кыштагы. 17-май 2010

Украина жөнүндө да кеп болду. Альянс бул эки өлкө менен өзгөчө мамиледе жана эки жактуу комиссиянын алкагында иш алып барат. Олбрайт айым НАТО-Грузия өнөктөштүгү 2008-жылкы согушта сындан өтпөгөнүн моюнга алуу менен, москвачыл Виктор Янукович президент шайланганы -Украина НАТОго өтүү планыдан ырасмий түрдө баш тартканын белгиледи:

- (2008-жылкы) Бухарест конференциясы Грузия жана Украина НАТОго мүчө болорун айткан. Азыр Украина эли же Украин өкмөтү НАТОго кошулганды каалабайт. НАТО ыктырядуу уюм экенине Россияны ишендирүү чындап эле өтө оор болууда.

Эксперттер Украина жана Грузиядагы кыррдаалга карабай, НАТО бул өлкөлөр менен эки жактуу Өнөктөштүк комиссиясы алкагында иштешүүнү улантууга тийиш деген пикирде.

Олбрайт айым НАТОго мүчөлүк артыкчылык эмес, жоопкерчилик да экенин талапкер өлкөлөрдүн эсине салып, альянста финансылык милдеттенмелерин аткарбаган өлкөлөр бар экенин айта кетти:

-НАТОго мүчө ар бир өлкө ички дүң өнүмүнүн 2 процентин НАТОго чегерип турууга тийиш. Уюмга мүчө 28 өлкөнүн алтоосу гана бул борчун аткарууда.

Олбрайт айым НАТО Ооганстанда өткөрүп жаткан операцияларга токтолуп, дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоодо Ооганстан жакшы сабак болорун айтты. НАТО 2001-жылга чейин мындай алыста согушкан эмес.

XS
SM
MD
LG