Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Эл аралык байкоочулар Пхеняндан кете башташты


Кытай - Пхеняндан кайтып бараткан жолдо МАГАТЭнин инспектору Пекиндеги эл аралык аэропортто кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатат. 16-апрель 2009-жыл.
Кытай - Пхеняндан кайтып бараткан жолдо МАГАТЭнин инспектору Пекиндеги эл аралык аэропортто кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатат. 16-апрель 2009-жыл.

Бейшемби күнү МАГАТЭнин инспекторлору Пхеняндан Венага учуп кетишти. Алардын соңунан америкалык байкоочулар да жергиликтүү өкмөттөн өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган көрсөтмө алышты. Бул маалыматты АКШнын мамлекеттик департаменти тастыктады.

2005-жылы арачы беш өлкө - АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Кытай жана Россия Пхенянга экономикалык жардам көрсөтүүгө сөз берген соң Түндүк Корея атом чөйрөсүндөгү изилдөө иштерин, анын ичинде өзөктүк курал жасоо программасын токтотконго макул болгон.

Йонбендеги атом реактору жабылып, аны бузуу иштери башталган. Алардын баары МАГАТЭнин инспекторлору менен америкалык адистердин көзөмөлү астында жүрүп жаткан.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын 5-апрелде ракета сынаганын айыптап, резолюция кабыл алган соң Пхенян алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жана Йонбендеги иштерди,айрыкча атом куралы үчүн керектүү плутоний өндүрүүнү кайра баштай турганын жарыялады.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын түндүк кореялыктар алардын суверенитетин "орой басмырлаган” чечим деп аташты.

Буга удаалаш эле Пхенян МАГАТЭнин инспекторлорунан өлкөдөн токтоосуз чыгып кетүүнү талап кылды. Бейшемби күнү америкалык байкоочулар да ушундай көрсөтмө алышты.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Вуд америкалык эксперттер менен байкоочуларды түндүк кореялыктар Йонбендеги ишканага киргизбей коюшканын, азыр алар Пхеняндан кеткенге камынып жатышканын ырастады.

Вуд бул маселеге байланыштуу мындан аркы кадамдар талкууланып жатканын кошумчалап, Пхеняндын чечими "жоопсуз калбай" турганын эскертти.

"Бул керагар кадам. Бизди ал, албетте,камтама кылат. Бирок белгилеп кетейин, Түндүк Корея мындай чечимдин сөзсүз салакасы болорун түшүнүшү керек. Акыркы аракеттери менен ал өзүн эл аралык коомчулуктан ого бетер обочолонтуп жатат", - деп билдирди Мамдептин өкүлү.

Россия менен Кытай Пхенянды соңку чечимдерин кайра карап чыкканга чакырышты. АКШ аларды "тетири багыттагы олуттуу кадам" деп атады.

Көпчүлүк эксперттер Йонбендеги реакторду кайра ишке киргизүү үчүн бери эле дегенде жети айдай убакыт керек болот дешет.

Түндүк Корея өз өзөктүк программасын уланткан күндө да аны жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу каражат талап кылынат. Буга анын чамасы чакталуу.

XS
SM
MD
LG