Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Корея Кореяга каршы


Сэул -- Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду досторчо тосуп алды.
Сэул -- Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду досторчо тосуп алды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон дүйнөлүк коомчулукту түштүк кореялыктардын "Чхонан" кемесин жардырып жиберген Пхеняндын тукурукчул ишине баа берүүгө чакырды. Түндүк Корея өз кезегинде бул окуяга тиешеси бар экенин караманча танып, кокус КЭДРге каршы кандайдыр бир кадамдар жасала турган болсо түштүктөгү коңшусуна сокку ура турганын эскертти.

Түндүк Корея өз армиясын толугу менен согуш абалына өткөрдү.

"Кореяны тынчтык жол менен бириктирүү комитети ырасмий түрдө билдирет, - деп айтылат Пхенян өкмөтүнүн мамлекеттик телеканалда окулган билдирүүсүндө, - ушул учурдан тартып эки корей өлкөсү өз ара мамилелерин токтотот, кол салышпоо тууралуу келишим жоюлат, эки тараптын кызматташтыгы үзүлөт".

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кысталаң ушундай кырдаалда түштүк кореялыктарга колдоо көрсөткөнү Азиядагы сапарынан пайдаланып, Сэулга бир нече саат токтоп өттү.

Эки өлкөнүн тагдыры соңку алтымыш жылдан бери тыгыз байланышып келатканын эске салып, ал Түштүк Кореянын коопсуздугу жана суверендиги АКШ үчүн бузулгус принцип бойдон калганына ишендирди. Ал эми Пхеняндын кадамдарын Клинтон кабыл "алгылыксыз тукурук" деп атады.

"Түндүк Кореяны демитме жана агрессивдүү саясатын токтотууга, атомсуз аймак түзүү боюнча өз милдеттенмелерин так аткарууга жана эл аралык мыйзамдарды бекем сактоого чакырабыз",- деп билдирди Клинтон Сэулда түштүк кореялыктардын тышкы иштер министри Ю Мен Хван менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң.

"Чхонан" кемесине байланышкан окуяга кайрылып, америкалык мамкатчы "эл аралык көз карандысыз иликтөө калыс, анын далилдери тана алгыс, тыянактары так кесер болгонун" белгиледи. "Бул Түндүк Кореянын кычастанган иши болгон, эл аралык коомчулук буга жооп бергенге милдеткер",-деп кошумчалады Клинтон.

Мамкатчы Сэулга Кытайдан келген эле. "Региондо тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого Кытайдай эч ким кызыкдар эмес,- деп ырастады Клинтон. – Бул жалпы жоопкерчилик, ошондуктан жакынкы аралыкта эл аралык коомчулук жана кытайлык өнөктөр менен биргелешип кырдаалга толук жооп бергидей натыйжалуу чараларды даярдайбыз".

Мындан бир күн мурда Кытайдын тышкы иштер министрлиги тараптарды сабырдуулукка чакырган эле.

"Тирешкенден сүйлөшүүнү, коогалаңдан коопсуздукту биз такай абзел көрөбүз. Биз чын эле тараптар токтоолукту сактап, пайда болгон жагдайды кырдаалды курчутпай тургудай кылып чечерине ишенебиз. Бул эки корей өлкөсүнүн түпкү таламдарына, ошондой эле алардын өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына төп келет", -деп билдирди Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

XS
SM
MD
LG