Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Түндүк Корея кайрадан коркута баштады


Түндүк Корея 5-апрелде ракета учуруп,анысы орбитага жетпей калган эле.
Түндүк Корея 5-апрелде ракета учуруп,анысы орбитага жетпей калган эле.

Түндүк Кореядан Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тез арада кечирим сурабаса, анда Пхенян ядролук курал сынагын өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдирди. Коопсуздук Кеңеши Пхеняндын быйыл апрелде ракета сынаганын айыптаган эле.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы жарыялады.

"Бизде башка арга жок,республиканын жогорку кызыкчылыктарын коргогону зарыл чараларды көргөнгө мажбурбуз. Бул чаралардын арасында ядролук курал жана баллистикалык ракета сынактарын өткөрөбүз",-деп айтылат билдирүүдө.

Түндүк Корея 2006-жылы эле адегенде атомдук дүрмөт жардырып, ага удаалаш баллистикалык ракетасын сынаган. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бул сынактарды айыптап, атайын резолюция кабыл алган жана Пхенянга бир катар санкцияларды жарыялаган.

Быйыл апрелде да Пхенян ракета сынамыгын өткөрүп, анысы оңунан чыкпай калган эле. Коопсуздук Кеңеши бул сынакты кайрадан айыптап, мурдагы санкцияларды күчөтүүнү чечкен.

Пхенян Коопсуздук Кеңешинен дал ушул кадамы үчүн ырасмий түрдө тезинен Түндүк Кореядан кечирим суроону, мындан тышкары ага байланыштуу мурдагы бардык резолюцияларын, санкцияларын жокко чыгарууну талап кылды.

Апрелдин орто ченинде Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыккан, Йонбендеги атомдук раекторун кайра иштетип, курал жасоо үчүн керектеле турган плутоний өндүрүүгө киришкен. МАГАТэнин, анын соңунан АКШнын байкоочуларын өлкөдөн кууп чыгарган.

Эл аралык коомчулук Пхеняндын атомдук программасынан катуу камтама болуп жаткан чакта түндүк кореялык бийликтер эмнеге мынчалык батыл тартып, чогоолдоно баштады?

Байкоочулар баарыдан мурда Пхенян опуза-омуроо жолу менен эл аралык коомчулуктан кошумча финансылык жардам өндүрүп алгысы келет дешет. Мындан тышкары муну алар Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин ден соолугуна байланыштырышат.

Ал көптөн бери ооруп, тыңа албай жатат. Мындай учурда бийликке дама кылгандар, анын амирин тоготкусу келбегендер табылып, анын арты коомдук козголоңго айланып кетиши мүмкүн. Ошону үчүн бийликти өз колунда мыжыга кармап турганы ал кез-кезде элдин сесин алып, "элирип" калышы да ажеп эмес дешет.

XS
SM
MD
LG