Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

ЕБ Украинанын газ куурларын модернизациялоого Россияны чакырбады


Евробиримдик Украинанын газды транзиттөө системасын модернизациялоого көмөктөшөт. Биримдик жана Украина ортосундагы мындай келишимге дүйшөмбү күнү Брюсселде кол коюлду. Украина өз кезегинде газ рыногун ачык айкын кылууга, газ операторлорунун коммерциялык негизде иштөөсүнө макулдук берди.

Брюссел-Киев ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Украина газды транзиттөө системасын модернизациялоону Еврокомиссия, Европанын реконстркуциялоо жана өнүгүү банкы, Европа инвестициялык банкы, ошондой эле Дүйнөлүк банк менен чогуу ишке ашырат.

Москва маанилүү стратегиялык долбоорго тартылбай калганына нааразы экенин Россия энергетика министри Сергей Шматко Брюсселдеги конференция учурунда билдирди.

Украинанын газ куурларын кеңейтүүнүн зарылдыгын Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу жыйында мындайча түшүндүрдү:

- Украина аркылуу өтчү газ транзиттөө системасы Биримдиктин иштеп туруусу үчүн абдан маанилүү энергия булагы. Бул система буга чейинкидей эле алдыдагы ондогон жылдары да Европа Биримдиги, Украина жана Россия үчүн стратегиялык жактан маанилүү бойдон кала берет.

Азыр Биримдик Россиядан алган газдын бештен бири Украина аркылуу келет. Москва-Киев арасындагы газ чатагынан улам акыркы эки-үч жылда Евробиримдикке мүчө кээ бир өлкөлөрдү көгүлтүр отун менен камсыздоо чилдеде үзгүлтүккө учуруган. Биримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Феррера-Валднер андай окуяларды болтурбоо - Брюсселдеги жыйынга катышкан бардык тараптардын кызыкчылыгына ылайык экенине көңүл бурду:

Биз жарандарыбыздын кычырыган кышта кайрадан отунга зар болушуна же Украин экономикасынын илең-салаң өсүүсүнө ынана албайбыз. Ошондуктан бүгүн буерге чогулгандардын баары Украина дагы ондогон жылдар газды ишенимдүү жана туруктуу транзиттөөсүнө кызыкдарбыз.

Украин премьер-министри Юлия Тимошенко Брюсселдеги конференцияда өлкөнүн газ транзиттөө системасын кеңейтүү үчүн 5, 5 миллиард доллар керек экенин айтты. Украинанын газ куурларын модернизациялоо Биримдик үчүн да арзан түшөт. Себеби бул иш Каспий газын Европага ташычу “Набуко” долбоорунан бир кыйла арзан турат, деди Тимошенко.

“Набукконун” курулушун Еврокомиссия, айырым Ортолук Европа өлкөлөрү колдошкону менен, аны каржылоого Германия макул болбой жаткан.

Биримдик Украинанын газ ташуу системасын модернизациялоого удаа улуттук газ түйүндөрүн бир системага бириктирүүнү да мерчемдөөдө. Ал үчүн 5 миллиард доллар сарпталмакчы. Бул, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Топаленек айткандай, Биримдиктин энергия коопсуздугун жакшыртат:

- 5 миллиард евро конкреттүү бир долбоорго конкреттүү максат үчүн - Европа Биримдигинин энергия коопсуздугун бекемдөөгө, иновацияны жана жаңы технологияны колдоого чегерилет. Мен бул долбоордун бекитилгенине чоң кубанычтамын.

XS
SM
MD
LG