Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

13-июлда Анкарада “Набукко” газ боросун куруу боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат. Түркия 12-июлда келечекте боро менен ташылчу газдын 15 пайызын арзан берүү талабынан баш тартты.

Түркия “Набукко” газ боросу өтүүчү өлкөлөр арасындагы келишимге кол коюларга бир күн калганда, долбоорду баштоого тоскоол болуп жаткан талабынан баш тартты. 12-июлда Түркиянын энергетика министри Танер Йилдыз ырасмий Анкара “Набукко” боросу менен ташылчу газдын 15 процентин арзан баада берүүнү талап кылбасын билдирди. Боронун эң узун бөлүгү же үчтөн экиси Түркия аркылуу өтөт. Келишимге беш транзиттик өлкө: Түркия, Болгария, Румыния, Мажарстан жана Австрия кол койот.

Каспий деңизин Батыш Европаны туташтырчу "Набукко" газ боросунун схемасы.

Жекшемби күнү Еврокомиссиянын өкүлү Ферран Тараделлас Эспуни келишимге “Набукко” территориясы аркылуу өтчү өлкөлөр 13-июлда Анкарада кол коюшарын тастыктады:

- “Набукко” территориясы аркылуу өтчү өлкөлөр жана Түркия ортосундагы келишим эки жактуу тилектештик, эки жактуу тең укуктуулук жана өз ара байланыштын негизинде жетишилди.

Отун энергиясынын“Жаңы Жибек жолу” деп аталган 8 миллиард долларлык “Набукко” долбоору азыр пайдалануудагы Баку-Тбилиси-Эрзрум газ боросуна туташат. “Набукко” 2014-жылы толук ишке киргенде ал аркылуу Евробиримдиктин Австриядагы газ кампасына жылына 31 миллиард куб метр көгүлтүр отун ташылмакчы. Бул, Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, Биримдик керектеген газдын 5 процентин түзөт.

“Набуккого” атаандаш россиялык-италиялык “Түштүк агымы” газ боросу 2015-жылы курулуп бүтөт. Анын жылдык кубаттуулугу 63 миллиард куб метр.

“Financial Times” гезитинин жазышынча, Түркияга керек учурда Биримдиктин корунан газ берилет деп макулдашылган. Бирок долбоорду инвестициялоо жагы жана газ менен камсыздоочулар толук тактала элек. Азырынча, газ “Набуккого” Азербайжан келерки жылы иштете баштачу “Шах деңиз-2” кенинен келет деп ишенимдүү айтууга болот деп жазат ““Financial Times”.

Долбоорго анын биринчи этабында Азербайжандан башка Ирак, Египет, экинчи этабында балким Иран, Россия жана Түркмөнстан катышат деп жоромолдонууда. Түркмөнстан 10-июлда “Набукко” боросуна газ берүүгө макул экенин билдирди. Бирок түркмөн газын Каспий аркылуу ташуу үчүн боро куруу зарыл.

Транзиттик өлкөлөр “Набукко” келишимине кол койуусу борону газ менен камсыздоочулары белгисиз долбоорду каржылоого инвесторлорду шыктандырат деп күтүлүүдө. Долбоорго инвесторлорду тартуу жана курулушун тездетүү үчүн Германиянын мурдакы тышкы иштер министри Йошка Фишер эки жума мурда “Набуккого” мыяткер-лоббист болуп дайындалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG