Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Базар-Коргон: Милиция жолду көзөмөлдөөдө


Акман айылы. 20-февраль, 2017
Акман айылы. 20-февраль, 2017

Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери 27-февралда тосууга аракет кылган Бишкек – Ош унаа жолунун боюнда учурда милиция кызматкерлери турат. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, Акман айылында ичинде күч кызматкерлери бар эки автобус жана бир КамАЗ унаасын көрүүгө болот.

Ошол эле жерде Текебаевдин 10 чакты тарапкери топтолуп турат.

Жол ачык.

Башкы прокуратура орус жаранынын арызынын негизинде “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады.

Текебаевдин тарапкерлери муну бийликтин өз оппоненттерине карата саясий куугунтугу деп атап жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG