Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Непалда кайрадан саясий баш-аламандык өкүм сүрүүдө


Непалдык маоисттердин жол башчысы Пушпа Камал Дахал (солдо) премерликтен кетти.
Непалдык маоисттердин жол башчысы Пушпа Камал Дахал (солдо) премерликтен кетти.

Маоисттер башында турган өкмөт аскер башчысын иштен кетиргенден кийин, президент ага аскер башында кала берүүгө буйруду. Анын аралыгында, маоисттердин эки шериги коалициядан чыккандыгын жарыялап, өкмөт башчысы отставкага кетти. Ошону менен 2006-жылы оорчулук менен жетишилген бейкуттук азыр бычактын мизинде турат.

Генерал Роокмангуд Катавалды иштен алуу буйругун мамлекет башчысы «Конституцияга каршы келген мыйзамсыз кадам» деп мүнөздөдү. Президент Баран Йадав ошондуктан генералды Непал армиясынын башчысы катары ишин мурдагысындай уланта берүүгө буйруду.

Айрым кабарларга караганда, төрт айда отставкага кеткени жаткан генерал ансыз деле өкмөттүн иштен алуу буйругун кулагынын сыртынан кетирген.

Бул кризис ушул жекшембиде армияга жаңы аскерлерди алууну токтотуу буйругуна баш ийбегени үчүн маоисттер Катавалды иштен бошоткондо башталды. Маоисттердин айтымында, генерал армияда атуулдук саясий көзөмөлдүн үстүмдүгүн караган жобону бузду.

Тышкы иштер министри Бабурам Бхаттарайдын сөзү боюнча, армиянын үстүнөн атуулдардын абсолюттук көзөмөлүн орнотуу зарыл:

– Армия штабынын башчысы жобо нормаларын бузгандыктан, өкмөт атуулдук коомдун үстөмдүгү маселесинде түшүнүк талап кылмакчы. Бул консенсуз менен жасалат.

Бийликтеги маоисттер армияга мурдагы маоист согушкерлерди да кошууну жакташат. Ал согушкерлер учурда Бириккен улуттардын көзөмөлүндөгү жатактарда кыймылсыз турушат.

Бирок Катавал аларды аскерге алууга көңүлсүз, болжолу армияда мурдагы душмандарынын көбөйүшүн каалабайт. Ал армияга бейтарап турумдагы атуулдарды алууну караган программаны ишке ашырууну улантып келди.

Абалды татаалдаштырган нерсе - учурдагы Конституцияда армия кимге баш ийээри так жазылган эмес.

Демократиялык жол менен шайланган президент Йадав "армиянын баш командачысы менмин" деп ырастап келет.

Ички согуштан кийин демократиялык жол менен келген маоисттер бирок армия мамлекет башчысына баш ийбейт деп эсептешет. Учурда жаңы Конституциянын үстүнөн иш жүрүп жатат, план боюнча ал келерки жылга барып даяр болот.

Кечээки кабар тарагандан студенттер баш калаа Катмандуда өкмөткө каршы демонстрацияга чыгышты.

Ал эми бүгүн дүйшөмбүдө маоисттердин миңдеген колдоочулары көтөрүлдү. Алардын алдында оппозициядагы башкы партия саналган Непалдын конгресси өкмөттү айыптаган акция өткөргөн эле. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү, бирок демонстрациялар тынч өттү.

Саясий деңгээлден алганда, маоисттердин башкы шериги болгон коммунисттер жана дагы бир партия коалициядан чыгып жаткандыгын жарыялашты. Ошону менен маоисттер парламентте аз гана добуштар менен көпчүлүктү сактап калды, бирок ишеним көрсөтпөө маселеси күн тартибине коюлса, алар уттуруп коюшу ыктымал.

Он жылга созулган ички согуштан кийин экономикалык оорчулук белден басып турганда, өлкөгө жаңы саясий кризистин кереги жок болчу. Мындан ары кандай жүрүштөр болоору айкын эмес. Иштен кете электе өкмөт башчысы Пушпа Камал Дахал бүгүн маоисттер менен жыйын өткөрүүнү сунуш этип жаткан.

Эгер саясий мунаса жетишилбесе, тараптар талашын куралдын күчү менен чечүүгө ооп кетпейби деген кооптонуу күч алууда.

XS
SM
MD
LG