Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Ноокат окуясынын себебин жарандык коом иликтейт


Ноокат окуясы боюнча сотко чогулган айыпталуучулардын жакындары,21-ноябрь,Ош

Ноокат окуясы боюнча сотко чогулган айыпталуучулардын жакындары,21-ноябрь,Ош

Акыйкатчы институнун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин жыйынында Ноокаттагы окуя талкууга алынды. Анда укук коргоочулар баш-аламандыктын чыгуу себебин өздөрү иликтей тургандыктарын билдиришти.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөлөрү бул окуя боюнча терең анализ жүргүзүү зарылдыгын белгилеп жатышат. Ал эми жыйынга катышкан жактоочулар ошол күнү баш-аламандык уюштурган деп айыпталгандарга абдан эле катаал чечим чыгарылганын жана сот процессинин болуп көрбөгөндөй тез арада бүткөнүн айтышууда.

1-октябрь - Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салып, нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратына зыян келтиришкен. Ошол күнү болгон баш аламандыктан кийин ага тиешеси бар делген 32 адам кармалып, алардын аркасы 9, алды 20 жылга соттолгон. Арасында 16 жаштагы жетиле элек жаш бала да бар.

Адвокат Улукбек Усмановдун айтымында, ал жактаган адамдардын бири ошол мезгилде Ноокатта эмес Кара-Суу шаарында жүргөн. Баш-аламандыкка катышкан жок деген далилдерге карабай ал 20 жылга эркинен ажыратылган.

- Баш-аламандыкка катышы бар делген адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесси Кылмыш-Жаза кодексин бузуу менен өттү. Жалпы эле сот процесси өтө тез бүттү. Болгону төрт күндө эле алты томдуу чоң иш жыйынтыкталып калды. Бул мүмкүн эмес.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова мамлекет дин боюнча башынан эле бардыгына түшүнүктүү саясат жүргүзсө Ноокаттагы окуя болмок эмес деген ойдо. Анын айтымында, “Хизб-ут Тахрир” уюму акыйкатсыз чечимдерди пайдаланып кетпеши үчүн эми бийлик тарабынан да, жарандык коом да бул окуяга көңүл буруп, терең иликтөөсү зарыл.

- Ушундай акыйкатсыз чечимдерди “Хизб-ут Тахрир” эртең эле пайдаланып чыгат. Анын айынан өзүнө дагы көбүрөөк адамдарды тартканга биз мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Ошондуктан, бул маселени жакшылап изилдеп, анализ жүргүзүү зарыл. Эми мамлекет дагы, жарандык коом да буга көбүрөөк көңүл буруп, эмне себептен чыкты, ошону изилдеп чыгуубуз керек. Көңүл бурбай көзүбүздү жумуп койсок, мындай окуя Ноокатта гана эмес, бүт Кыргызстанга коркунуч алып келиши ыктымал.

Ал эми "Ачык ой-пикир" фондунун жетекчиси Дмитрий Кабактын айтымында, айрым учурда бийлик да чагым жасаган жолдорго барат. Ал баш-аламандык уюштурду деп айыпталгандарга карата жарыяланган чечимди башка нукка буруу эми жактоочулардын колунда калганын белгиледи.

- Бийлик өкүлдөрү баш-аламан болгон күнү айрым адамдардын «Аллоху акбар» деп кыйкыргандыгын айтып жатышат. Минтип айтып коюу кылмышка жатпайт. Биз окуя болгон учурда катышпагандыктан толук түрдө окуя кандай өткөнүн элестете албайбыз. Ошол себептүү укук коргоочулар кеңешининин жыйынында бул маселени иликтөөнү, чоо-жайын билүүнү максат кылганбыз. Бир жагынан борбордук аянтка элди киргизбей коюп бийлик өзү чагым жасап жатат. Эми жактоочуларда чоң иш жатат. Ошолор жүйөөлү далилдери менен расмий бийликти башка багытка бурушу мүмкүн.

Акыйкатчынын кеңешчиси Ниязалы Бекбердиев болсо “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюм болгон соң өзгөчө коопсуздук комитети ушул жагын караса жакшы болмок деген ойдо. Анын айтымында, жазаланган адам ошол агымга киреби, жокпу аныктап, тактап туруп анан жазалоо акыйкат чечим болот.

- Бийликтин, тартип коргоочу органдардын, өзгөчө коопсуздук комитетинин оппозицияны карай бербей ушул жагын көбүрөөк карап, катуу көзөмөлгө алса жакшы болор эле деп ойлойм. Эми азыр сот процессии жүрүп жатат, аны териштирип бүткөндөн кийин гана баабызды беребиз го. Чындыгында, намаз окуган эле адамды сен экстремистсиң деп камап, жазалаган туура эмес. Бирок ага жамынып алган экстремисттик агым болсо аны мыйзамдын негизинде жазалаш керек.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бактыбек Иманалиевдин пикиринде, Ноокаттагы баш аламандыкка катышкан адамдарга колдонулган жаза туура болгон жана мамлекет мындан ары да “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу тыюу салынган уюмдар менен эч качан сүйлөшүүгө барбай, катаал чараларды көрүшү керек:

- Ким болсо да мыйзам алдында бирдей болушу керек. Ал адамдар мыйзамды бузуп, биринчиден тыюу салынган уюмга мүчө болушса, экинчиден мамлекеттик имаратты бүлдүрүп-талкалашса, туура эмес иштерди кылышса эмне кылыш керек эле андан башка. “Хизб-ут Тахрир” деген биздин мамлекетте тыюу салынган уюмдардын тизмесинде. Соттор көз карандысыз, алар мыйзамга таянып жаза беришти да. Укук коргоочулар да өз укуктарынан аша чаап кетип атышат. Биз ушинтип жумшак болуп атып, демократия деп атып, жанагындайлардын укуктары бузулду деп атып, ушундай окуялар көп болуп атат.

Акыйкатчы институнун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин жыйында расмий бийлик, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом биргелешип өлкөдөгү диний кырдаалды, анын ичинен Ноокат окуясынын чоо-жайын биргелешип иликтөө сунушу айтылды. Антпесе мындай окуя жалпы Кыргызстанга жайылып, кооптуу кырдаал жаралышы ыктымал деп билдиришти укук коргоочулар.

XS
SM
MD
LG