Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Ким Чен Ирдин ордун ким басат?


Түндүк Кореяда акыркы төрт-беш айдан бери өлкөнүн "улуу жолбашчысы" Ким Чен Ир коомчулуктун көзүнө көрүнбөй калган эле. Мындан улам анын саламаттыгына байланыштуу түрдүү жоромолдор тарап кеткен. Бул аралыкта британ гезиттеринин бири Ким Чен Ир мураскер маселесин үч жылга чейин сөз кылууга тыюу салганы тууралуу жазып чыкты.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, Корея элдик армиясынын башкы командачысы Ким Чен Ир 105-танкалык дивизияны 2-январь, жума күнү инспекциялап, жоокерлерге жаңы жылдык куттуктоосун жолдоду. Бул өзөктүк курал программасынан улам Батыш менен чатакташып келе жаткан коммунисттик өлкөнүн "айга-күнгө" теңелген жолбашчысынын саламаттагына, дегеле өлкөнү башкаруу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу суроолор жаралгандан бери коомчулкка ачык биринчи ирээт көрүнүшү. Мунун алдында өткөн дүйшөмбү күнү мамлекеттик маалымат каражаттар Ким Чен Ир концертке барганын кабарлашып, бирок ал маданий иш чара качан жана каерде болгонун айтышкан эмес.

Түндүк Корея лидеринин саламаттыгы тууралуу жоромолдор болсо былтыр сентябрь айында, ал мамлекети уюшулганынын алтымыш жылдыгына арналган аскерий парадга катышпай калган соң күчөп кеткен эле. Анда Ким Чен Ирдин мээсине кан куюлганы жөнүндө айың-кептер тараган.

Андан берки айларда мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидеринин саламаттыгы чың жана кырдаалды көзөмөлдөп жатканын көргөзүү үчүн ал аскерий бөлүктөргө, заводдорго, фермаларга барганы туралуу да бир нече кабарларды таратышкан. Ал эми танкалык дивизияга барганы тууралуу акыркы маалымат сүрөтү менен басылды.

Бул аралыкта британиялык "Санди Телеграф" (The Sunday Telegraph) гезити 5-январдагы санында жазганына караганда, Ким Чен Ир өзүнүн болочок мураскери жөнүндөгү талкууларга кеминде үч жылга тыюу салган. Басылманын Түштүк Корея борбору – Сеулдагы кабарчысы Ричард Спенсер (Richard Spencer) өз макаласында белгилегендей, аналитиктердин айтымында, Ким Чен Ир үч уулунун бири да бийликтин рычагдарына ээ болуусун каалбайт. Айтымда, ал уулдарынын саясий жөндөмдүүлүгүнөн көңүлү калган. "Санди Телеграф" гезити жазгандай, Ким Чен азыр коомчулукка анча белгисиз жана көшөгө артынан ачыкка жакында эле чыккан улуу кызына көбүрөөк ишенет экен. 34 жаштагы Ким Соль Сон жөнүндөгү маалыматтарды эл аралык коомчулук алгач 2006-жылы эле уккан.

Айтымда, Ким Чен Ирдин карындашы жана анын бийликтеги эң таасирлүү адамдардын бири деп эсептелген күйөө баласы диктатордун үч уулунун улуусу Ким Чен Намды колдошот. Ал эми коңшу Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын биринде айтылган жоромолдорго караганда, диктатордун жеке жардамачысы жана көңүлдөшү катары эсептелген аял бийликти башка уулунун мурастап калышын каалайт.

Анткен менен бул эки аялдын бири да эрдик кылып, Ким Чен Ирдин үч уулунун бирин да тактынын мураскери катары сунуш кыла алган эмес. Британиялык "Санди Телеграф" гезити жазгандай, Ким Чен Ири өзү алар жана башкалар мураскер маселесин 2012-жылга чейин көтөрүүсүнө тыюу салууну чечкен. Аталган басылма Түштүк кореялык бир талдоочунун "азыркы учурда мураскер маселеси боюнча кандайдыр бир таасир бар экенин моюнга алуу саясий жактан өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар болмок",- деген сөздөрүн келтирет.

Аялдар азиялык диктаторлордун көбүнүн турмушунда маанилүү роль ойногон. Ким Чен Ир деле жогорудагыдай көрүнүштөн куру эмес. Анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу расмий маалымат эч убакта таратылбаганы менен Ким Чен Ирдин үч уулу тең расмий жубайы катары эсептелген Ким Ен Суктан төрөлгөн эместиги белгилүү. Түндүк Корея лидери расмий жубайынан эки кыздуу болгон деп эсептелинет. Алардын бири, 34 жаштагы Ким Сон Соль, алдыда белгиленгендей, Түндүк Корея лидеринин тикелей урпактары ичинен эң ишенимдүүсү деп саналат. Бирок ал бийик кызматты ээлери арсар. Анткени Түндүк Корея коому азырынча аял лидерге даяр эмес.

Айтор өлкөнүн ичинен да, тышынан да чыккан далилдер Ким Чен Ирдин илдети адеп башында болжолдонгондой, анчалык оор эмес экенин ишара кылууда. Британиялык "Санди Телеграф" гезити жазгандай, Пхеньянга барган франциялык нейрохирург Түндүк Корея лидери операцияга муктаж эмес экенин айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG