Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Түндүк Корея акчасын кантип деноминациялады?


Түндүк Кореянын көсөмү Ким Чен Ир жаңы курулган сүт фермада.

Түндүк Кореянын көсөмү Ким Чен Ир жаңы курулган сүт фермада.

Декбардын биринчи жумасында Түндүк Корея улуттук акчасын ирилештирип, деноминациялады.

Натыйжада, 1 000 вон банкка тапшырган корей жараны 100 вон же мурдакыдан 10 эсе аз акча алды. Жаңы акча жүгүртүүгө киргенден алдыңкы аптада Түндүк Кореяда соода-сатык негизинен токтоду. Себеби, банк эски акчаны элден 30-ноябрдан тартып алганы менен

Коммунисттик бийлик вонду ирилештирүү менен өкмөттүк ишканалар менен атаандаша баштаган менчик чарбаларды алсыздандырууну көздөдү.

жаңы акча калкка 7-декабрда гана берилгендиктен, түндүк кореялыктар бир жума бою эски кору менен жашашты.

Кору жоктор буюм-теримин азык түлүккө алмаштырып же аткезчилик кылып жан багышты. Бул күндөрү өлкөнүн борбор калаасы Пхеняндагы жетекчилер менен дипломаттарды тейлеген гана дүкөндөр иштеди. Базарлар, автокаттамдар жана чачтарачканалар иштеген жок.

Түндүк Кореядагы бийлик армияга таянган. Аскерлер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциясына каршы нааразылык акциясында. Пхенян. 15-июнь 2009
Түндүк Кореялыктар улуттук акча деноминация болорун 30-ноябрда угушту. Өкмөттүн күтүүсүз жарлыгы боюнча, ар бир үй-бүлөгө 150 миң вон гана алмаштырылды. 125 вон 1 АКШ долларына барабар. Жарандар 150 миңден артык акчаларын өкмөттүк банкка төгүштү. Депозиттеги аманат акчалар качан кайтарылары белгисиз.

Ырасмий Пхеняндын түшүндүрүшүнчө, вонду ирилештирүү инфляцияны ооздуктоо жана кара базардагы акча соодасыны токтотуу үчүн жасалды.

Түндүк Кореяда акча реформасы акыркы жолу 1992-жылы жүргүзүлгөн. Андан берки 17 жылда баа ырааттуу өсүп, акчанын куну качкан. Акчаны ирилештирүү аны пайдаланууну жеңилдеткенге катар товарга болгон талапты азайтат.

Коммунисттик бийлик вонду ирилештирүү менен өкмөттүк ишканалар менен атаандаша баштаган менчик чарбаларды алсыздандырууну көздөдү, деп боолгошот айрым серепчилер.

Түндүк Кореянын жетекчилиги элди Улуттар Уюмунун жардамысыз багуу үчүн 2002-жылы дыйкан чарбаларына бир аз эркиндик берген болчу. Өлкөдөгү абалды Англиянын Лидс университетинин талдоочусу Айдан Фостер-Картер мындайча сүрөттөйт:

- Өкмөт азык түлүктүн эски нормасы менен элди камсыздай албай, мамлекеттик бөлүштүрүү системасы кыйрап, он жылдан ашуун убакыттан бери көпчүлүк түндүк кореялыктар өз жанын өзү багып калган. Натыйжада, базарлар жайнап өстү. Режим эгерим базарларды сүйбөсө да, аргасыздан эркин койду.

Лондондо чыкчу “Экономист” журналынын жазышынча, ырасмий Пхенян акча алмаштырууга жамынып, жемсөөлүк менен байыган ырасмий адамдар менен Кытай товарын саткан соодагерлер топтогон мал-мүлктү улутташтырууну көздөйт шекилди. Андай соодагерлер өлкөдө жүздөп саналат.

Айдан Фостер-Картердин айтышынча, Түндүк Корея өкмөтүнүн соодагерлерди кысмакка алуусунан эң алды колу жука карапайым эл жабыркашы мүмкүн:

-Мен түндүк кореялыктар, өзгөчө, соодагерлер вонду эмес, АКШ долларын, еврону, Кытай юаянын, Түштүк Кореянын реминибисин сакташат деп ким менен болсо да шерттеше алам. Кара базарда соода ушул акчаларда жүрөт. Бизге келген айрым маалыматтарга караганда, акчанын кара базары убактылуу токтоду. Бирок сиз төшөктүн катына бөтөн өлкөнүн акчасын каткан болсоңуз, эч нерсе жоготпойсуз. Анткени чет элдик валюта менен иштөө кыйындаганы менен ал өз баасын жоготпойт.

Серепчилер вонду ирилештирүүдөн ириде Түндүк Кореяда эми пайда боло баштаган орто класс баарынан көп жабыркайт дешет. Алардын орточо айлык кирешеси 40 доллардан ашпайт.
XS
SM
MD
LG