Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Түндүк Кореянын жол башчысы кичүү уулун мураскор калтырабы?


Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ир (алдыңкы катарда ортодо) апрелдеги сүрөттө
Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ир (алдыңкы катарда ортодо) апрелдеги сүрөттө

Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ир бийликти атасынан мураска алган эле. Эми ал өз ордуна кичүү уулун калтырууга даярдык көрүп жаткандыгы кабарланууда. Айрым маалыматтарга караганда, жүрөгү оорулуу экендиги айтылып жүргөн Ким Чен Ир өкмөттөн уулу Ким Чен Унга баш ийебиз деп ант берүүнү талап кылды.

Өлкө парламентинин чалгын комитетинин аты аталбаган мүчөлөрүнө таянып, Түштүк Кореялык гезитте бул комитетте Түндүк Кореяда Ким Чен Ундун бийлик мураскору аталышы тууралуу отчет угулганын жазып чыгышты. Отчет берген Улуттук Чалгын кызматы бирок мындай божомолдуу фактылар менен ырастай албай тургандыгын билдирген.

"Дон-а Илбо" гезитинин жазышынча, Түндүк Корея бийликтери өз элине Ким Чен Унду жаңы «командир Ким» деп даңазалаган жаңы ырды үйрөтүп жатат. Ошондой эле улук кызматкерлерге бийликтин азыркы мамлекет башчысынан анын баласына өтүшүн негиздеген «идеологиялык машыгуудан» өтүштү.

Ассошэйтед Пресс кабарлаганга караганда, Түштүк Кореянын оппозициячыл депутаты, чалгын комитетинин мүчөсү Парк Жи Вон жергиликтүү үналгыга өкмөт депутаттарга Түндүк Кореядагы ушул окуялар боюнча отчет бергенин бышыктады. Парктын ырастоосунда, Пхеняндын бийлиги Ким Чен Унду колдоого ант берген.

Ошол эле мезгилде, Ким Чен Ирдин жакын арада бийликтен кетээринин айкын белгиси жок.

Патрик Көлнер - Азиялык изилдөөлөр боюнча Гамбургдагы ГИГА институнунун аткаруучу директору. Ал "Азаттыкка" 67 жаштагы Ким Чен Ирдин мураскорун дайындоо аракетинин артында саламаттык маселеси турушу мүмкүн экендигин билдирди:

– Бийликтеги үй-бүлөнүн ичинде бийлик алмашышы тууралуу көп божомол айтылып келет. Акыркы айларда Ким Чен Ирдин саламаттыгы начарлагандан улам мындай сөздөр айрыкча көбөйдү. Биз билгенден, Ким Чен Ирдин былтыр августта жүрөгү кармаган. Ал диабет менен ооруйт окшойт. Ошого караганда, анын ден-соолугу чындап начарлап кетти.

Ким Чен Ирдин 25 жаштагы кичүү баласы тууралуу маалымат аз. Аны Швецариядагы мектепте англис, немис, француз тилдерин окуган деп жүрүшөт. Ал азыр Түндүк Кореянын бийлик структурасында кандайдыр бир маанилүү кызматты ээлебейт.

Көлнер Ким Чен Ундун эки агасы тууралуу маалымат көбүрөөк дейт:

– Анын эки агасы акыркы жылдары ишенимден чыккан, же Түндүк Кореяда бийликти колго алууга жарамсыз деп саналат. Ушундан улам, бийлик алмашса, ал сөз жок атасынан кичүү уулуна өтөөрү анык болуп калган.

Түштүк Кореядагы Кюң Нам университетинде Түндүк Кореяны изилдеген профессору Яң Мо Жиндин айтымында, Ким Чен Ундун жетекчилик даремети күчтүү, бирок улууну урматтоо салты күчтүү болгон өлкөдө анын жаштыгы бөгөт болуп жаткан болушу ажеп эмес:

– Ким Чен Ундун мүнөзү, шык-таланты тууралуу ар түрдүү көз караштар бар. Айрымдар аны акыл калчай билген, эл баштоого жөндөмдүү, адамга жагымдуу экендигин айтышат. Башкалар ал кичүү уул болгондуктан, байо, али ишенимге ээ боло элек дешет.

Түндүк Кореяда үчүнчү мамлекет башчысына жол тапталып жатат деген кабарлар өлкөнүн 25-майдагы ядролук сынагы менен бир маалга туура келүүдө. Ошондой эле Пхенян орто жана алыс аралыкка учуучу ракеталарын сыноого даярданып жаткандыгы болжолдонууда.

Башка байкоочулардын катарында Көлнер «мындай сынактар бийликти бекемдеп. Ким Чен Ирдин мураскоруна колдоону күч алдыруу максатын көздөгөн өнөктүктүн бир көрүнүшү болушу мүмкүн» дейт.

«Улуу жол башчы» Ким Ир Сен азыркы мамлекет башчысы Ким Чен Ирди 1974-жылы өзүнө мураскор жарыялаган. Ким Чен Ир 20 жылдан соң, атасы кайтыш болгондон кийин бийликке отурган. Атасы «түбөлүктүү президент» деп жарыялангандыктан, ал Жумушчу партиясынын «улук катчысы» наамын алган.

Анын аралыгында, Түштүк Кореянын баш калаасындагы нааразылык акциясында ондогон демонстранттар Түндүк Кореянын жана Ким Чен Ир менен Ким Чен Ундун сүрөттөрүн өрттөштү. Демонстранттардын арасында Түндүк-Кореяга кастарын тиккен уюмдун башчысы Парк Чаң Суң да болду:

Бийлик атасынан баласына өткөн мындай монархия жер жүзүндө жок. Биз Түндүк Кореянын 22 миллион эли Ким Чен Ирдин үй-бүлөлүк режиминин кол алдында запкы тартып келатканына кайдыгер кала албайбыз,- деди ал.

XS
SM
MD
LG