Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Түндүк Корея анын өзөктүк курал маселесин талкууга алган алты тараптуу сүйлөшүүдөн чыкканын жана өзөктүк изилдөөлөрүн улантарын жарыялады. Мындай жарыя жакында эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин өлкөнүн ракета учуруусун айыптаган билдирүүсүнө нааразычылык иретинде жасалган.

Эл аралык коомчулуктун өтүнүчүн четке кагып, Түндүк Корея тескерисинче өзөктүк курал өндүрбөөсүн шарттаган алты тараптуу сүйлөшүүдөн чыкканын жарыя кылды.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги 14-апрелде атайын билдирүү менен чыгып, алты тараптуу сүйлөшүүнү «керексиз нерсе» деп баалады. Ошондой эле ал өлкө жакын арада Йоңбён аттуу өзөктүк ишканасын кайра иштетерин билдирди.

Буга чейин алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түндүк Корея аз-аздан өзөктүк бомба жасоодо колдонулчу плутоний өндүргөн Йоңбён заводун жыйыштыра баштаган. Ал сүйлөшүүгө Жапония, Кытай, Орусия, Түштүк Корея жана АКШ катышкан эле.

Бирок эми алардын бардыгы бузулуп, Түндүк Кореянын мамлекеттик телеси төмөнкүдөй маалыматтарды тарката баштады:

«Биз, өлкөбүздүн өзөктүк долбоору чындап иштей баштоосу үчүн бардык чараларды көрөбүз. Буга чейин ал долбоор алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде үзгүлтүккө учурап келген. Эми биз бул жааттагы мурда токтоп калган иштерибизди улантып, өзөктүк электростанция куруу пландарыбызды жандантабыз»,- деп айтылат Түндүк Кореянын мамлекеттик телесинде.

Пхеньяндын мындай чечими, БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын ракета сынагын айыптап чыгышына жооп болгону айтылууда. Коопсуздук кеңеши мындан ары Пхеньянга ракета сыноого тыюу салууну жана бул өлкөгө карата чектөөлөрдү киргизүүнү талап кылууда.

Түндүк Кореяны капа кылган башкы нерсе, андай сындоолорго акыры барып Кытай менен Орусиянын да кошулушу болду.

Пекин улуттук университетиндеги саясат иликтөөчү Ши Йинхоңдун айтымында, Кытайдын сындоого кошулганы көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок:

«Эгер биз Кытай бийликтеринин Түндүк Кореянын ракета учуруусун сындоого кошулганын тереңден карап көрсөк, анда тышкы саясатта өзгөрүүлөр болуп жатканын байкайбыз. Мындай дилломатиялык маселелер жаатындагы абдан тез өзгөрүү мурда Кытай эл республикасында абдан эле аз болгон»,- дейт Ши Йинхоң.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG