Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

АКШ Пхеняндын кемени чөктүрүшү үчүн жооп беришин талап кылууда


Сүрөттө: түштүк кореялык демонстрант Түндүк Кореянын жол башчысынын сүрөтүн тепсеп жатат, 25-май, 2010-жыл.
Сүрөттө: түштүк кореялык демонстрант Түндүк Кореянын жол башчысынын сүрөтүн тепсеп жатат, 25-май, 2010-жыл.

Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын март айында түштүк кореялык кемени чөктүргөнү үчүн жазалоонун Бириккен Улуттардан тышкаркы чараларын караштырып жатат.

АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс бүгүн Сингапурдагы коопсуздук конференциясында 46 матростун өмүрүн алып, жарым аралдагы кырдаалды курчуткан кеме чөктүрүү үчүн Түндүк Корея жооп бериши керек деди:

- Биз Түштүк Корея менен бирдикте аскердик машыгуу өткөрүп, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин иш-аракетин колдойбуз. Бир эле мезгилде Түндүк Кореяны жазалоонун кошумча жолдорун карап жатабыз. Бул аймакта өлкөлөр мындай кооптуу провокацияга тийиштүү жооп кайтаруу милдетин кошо бөлүшөт. Унчукпай койгонубуз Азиядагы тынчтыкты коргоп, аны бекемдөөдөгү бирдиктүү жоопкерчилигибизден баш тартканга тете болот.

БУУнун комиссиясы кеме түндүк кореялык торподо менен атылгандыгын бышыктаган.

Түштүк Корея коммунисттик Түндүктү «Чеонан» деп аталган согуштук кемесин торпедо менен атты деп даттанып, кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылган.

Кеменин чөгүшү эки Кореянын ортосундагы 1950-53-жылдардагы согуштан кийинки бул жарым аралдагы эң каргашалуу окуя болуп калды. Пхенян коңшусунун айыптоосун четке кагып, Түштүк Кореянын президенти Ли Муң-бакты ушул аптадагы жергиликтүү шайлоодо утуп алыштын айласынан гана кемени атайылап чөктүргөн деп ырастоодо. Түндүк Корея ошондой эле ортодо бир заматта согуш чыгып кетиши мүмкүн деп эскерткен.

Бир жагынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө, экинчи жагынан Түндүк Кореянын эски шериги болгон Кытай Түндүк Кореяга карата санкцияларга вето кое алат. Азырга чейин Бейжин өкмөтү «Чеонан» кемесинин чөгүшү үчүн Түндүк Кореяны айыптоого кошулган жок.

Гейстсин Сингапурдагы соңку билдирүүсү Кытайга кысымды күч алдырууну да билдирет. Гейтс өз сөзүндө Кытайды АКШ менен аскердик кызматташтыгын калыбына келтирүүгө чакырды. Кошмо Штаттары Кытай өз аймагы деп эсептеген Тайванга миллиарддаган доллардык курал сатаарын жарыялагандан кийин, Кытай ушул жылдын башында АКШ менен аскердик алакасын токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG