Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Н.ЭГЕН: АЛГАЧ “КУРМАНЖАН ДАТКА” ТАРТЫЛАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Жакынкы жылдарда кыргыз элинин тарыхын чагылдырган үч ири кино долбоору ишке ашканы жатат. Алардын жумушчу аталыштары азырынча “Сынган кылыч”, “Курманжан датка”, “Курманбек баатыр” деп аталууда. Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекет тараптан колдоо көрсөтүүлөрү өлкө президенти Курманбек Бакиев менен кинорежиссер Нурбек Эгендин эки күн мурдагы жолугушуусунда белгилүү болду. Кинорежиссер Нурбек Эген ушул тасмалар туурасында “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Алгач ушул долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз. Мындай тарыхый фильмдерди тартуу идеясы кандайча пайда болду?

- Бул идея жылдын башында президент тарабынан көтөрүлүп, бул маселе жөнүндө башка өлкөлөрдө кандай тартылган кинолор бар, алардын кандай жетишкендиктери бар, элдер кандай көрүштү, ошолордун баарын иликтеп, андан кийин сүйлөшөлү деп маданият министрлигине тапшырылган. Анан бул жолу Бишкекке келгенде мен дагы өзүмдүн оюмду айтып, өз пикиримди билдирдим. Менин оюмча улуттук деңгээлдеги, элдин патриоттуулугун, духун көтөрчү фильмдер, согуш убагында тартылган кинонун күчү аябай кубаттуу. Ошондуктан биздин бийлик тарабынан, кино - элдерге өбөлгө боло турган, ой, дух бере турган жакшы пикир деп, демилге кылышкан.

- Бул фильмдерди тартуу иштери качан башталганы жатат?

- Биздин сүйлөшүүбүз боюнча сентябрь айынан баштап биринчи киного сценарий жазылып башталат. Кийинки жылы ошол фильмдердин бири тартылып башталышы керек. Азырынча “Курманжан Датка” жөнүндө фильм тартылып башталат.

- Каражат маселеси чечилдиби, мамлекет тараптан кандай колдоо көрсөтүлө турган болду?

- Каражат маселеси 70 пайызын Кыргызстандан, 30 пайызын чет өлкөлөрдөн топтоп келиш керек деген маселе турат.

- Сиздин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыз тууралуу да сөз кыла кетсеңиз. Бул тасманы тартуу иштери ушул жайда башталары айтылган эле буга чейин. Ошону тартуу иштери азыр башталдыбы?

- Буюрса он күн калды. Аябай катуу даярданып атабыз. Андай оор күндөрдүн бири – азыр экспедицияга даярданып атабыз. Буюрса 20-июлдардан көлдөн тартып баштайбыз.

- Ошондо канча убакыт талап кылынат ошол тасманы тартууга?

- Бир жарым ай.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG