Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Америкалык жана россиялык илимпоздор менен эксперттердин ырасташынча, Иран кеминде дагы 10 жылдан кийин гана Европага жеткидей ядролук бомба жасай алат. Экинчи бир изилдөө соңку беш жылда Пакистан ядролук өндүрүшүн бир кыйла кеңейткенин жана ушул ыргагынан жазбаса, жакынкы жылдары чаканыраак ядролук курал жасагандай болорун көрсөттү.

Нью-Йорктогу айтылуу бейөкмөттүк East Weast институту 19-майда жарылаган изилдөөгө караганда, Иранда жакынкы жылдары ядролук дүрмөттү жана бомбаны ташуучу жабдууну жасай албайт. Иран массалык кыргын салчу куралга эрте дегенде 10 жылдан кийин гана ээ болушу мүмкүн, деген тыянакка келген береги инститтун тапшырмасы боюнча изилдөө жүргүзгөн америкалык жана россиялык окумуштуулар менен эксперттер. Алардын бири, АКШ Мамдепартаменттин мурдакы кызматкери Филип Койлдун (Philip Coyle) айтышынча, президент Буш тушунда Чехияга жана Польшага орнотуулат деп пландалган ракетадан коргоочу системасы болгону “... Ирандын бир же эки ракетасын жок кылат деп мерчемделген” экен. (Бул планга Россия адегенден каршы.)

Эксперт Ирандын Европага ядролук яабуул жасарына да ишенбейт. “Иран непада ага окшош кадамга барса, бул өз жанын өзү кыйуу болот. Иран кээ бир ойлонулбаган иштерди жасады. Мен бирок аларды жанкечти деп ойлобойм”, дейт Койл “Азаттыкка”.

Москва аталган план Россияга каршы багытталган деп шектенбеси үчүн илимпоз-адистер АКШга Россия менен ракетадан коргонуу боюнча кызматташууну сунуш кылышат.

- Бул, биринчиден, Россиянын Буш сунуш кылган планга болгон каршылыгын токтотмок. Эгер Иран Европага кол салам деп ээликсе, оболу коргонуу системасынын көзү саналган радарларды жок кылыш керек. Иран Европага, ошондой эле Россияга чабуул жасагандай акылсыз эмес. Россия да жөн турбайт. Кайталайм, (Иран) катуу соккуга кабылат.

Ал эми каруу жарак контролдоо боюнча адис Стивен Пайфер (Steven Pifer) президент Барак Обаманын администрациясы Чехияга жана Польшага жайгаштырылчу коргонуу системасынын эффективдүүлүгүн изилдеп жатканын айтып, мындай дейт:

- Обаманын администрациясында Россия менен маселени дагы талкуулаганга убактысы бар. Себеби East Weast институтунун изилдөөсүндө Ирандан 2017, 2018, 2019-жылдары коркунуч болот деп айтылат. Бул Россия жана Иран менен дипломатиялык сүйлөшүүлөргө көп убакыт берет.

Стивен Пайфер- АКШнын Украинадагы мурдакы элчиси.

Акыркы жылдары Пакистан да ядролук куралга байланыштуу өндүрүшүн кеңейткенин Вашингтондогу Илим жана эларалык коопсуздук институтунун изилдөөсү тастыктайт. Изилдөөгө катышкан Дэвид Ольбрайттын айтышынча, орбитадан 2004-08-жылдары тартып алынган сүрөттөр Пакистан плутонийди өндүрүүгө көп аракет жасаганын күбөлөйт:

- Бул Пакистан ядролук арсеналын өзгөртүүн каалаганын билдирет. Пакистан байытылган уранды ядролук куралдын дүрмөтүнө пайдаланчу. Ал үчүн тийиштүү өндүрүшү бар эле. Эгер плутоний ядролук куралга отун үчүн колдонулса, алар чаканыраак ядролук куралды жасай алышат.

Изилдөөгө караганда, Пакистан уранды байытчу ишканасын ишке салса, бир жылды алты ядролук бомабага керектүү дүрмөттү жасап калат. Бул Пакистандын эзелки жоосу Индияны, удаа эле Кытайды ядрролук куралданууга түртөт, дейт Ольбрайт:

- Сиздер көргөндөй, Индия жанап Пакистандын ядролук арсеналын кеңейтип жатканын Кытайга түртү берет. Кытай да тийиштүү чара көрөт. Бул ишти чатак жакка бурат.

Пакистандагы кырдаал стабилдүү эмес. Экстремисттик күчтөр өлкөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө өтө активдүү болгондуктан, аларды ядролук обьектилерге кол салбайт деп эч ким кепил өтө албайт, деп кооптонот эксперт.
XS
SM
MD
LG