Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму – ОПЕК жаңы жылдан тартып кара май өндүрүүнү суткасына 2,2 миллион баррелге кыскартат. Бул чечимге картелге кирбеген өлкөлөрдөн Россия жана Азербайжан кошулмай болду.

ОПЕКтин бул чечими уюмдун соңку чейрек кылымдан ашуун тарыхында кезиге элек кадам болду. Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика мунай сатыгынан түшкөн кирешеси азайып баратканына картелдин мүчөлөрү кайдыгер карап отура албай турганын айтып, жалпы эле кара май экспорттогон өлкөлөрдү өз кызыкчылыктарын коргоого чакырды.

ОПЕКтин чечимин уюмга кирбеген өлкөлөрдөн Россия менен Азербайжан колдой турганын ырасташты. Жыйынга катышкандар мындай кадам бир баррел мунайдын наркын 70-75 долларга көтөргөнгө жардамдашарына ишенишет. Бул көрсөткүчтү Сауд Аравиясынын падышасы Абдалла “адилет баа” деп эсептейт.

Бирок эксперттердин баары эле бул чечимди таасирдүү кадам катары баалашкан жок. Алардын көбү кара май өндүрүүнү суткасына 4 миллион баррелге кыскарткан күндө да жакынкы аралыкта анын баасын көтөрүү кыйын, ал эми келечекте болсо бул картелге кирген өлкөлөрдүн өзүнө зыяндуу болуп чыгышы мүмкүн дешет.

Merrill Lynch финансы фирмасы эмдиги жылы бир баррел мунайдын баасы 25 доллардын тегерегинде болорун болжолдосо, Goldman Sachs тобунун эксперттери бул көрсөткүч 45 доллардын деңгээлинде кармалат болуу кеерк деп түкшөмөлдөшөт. Бирок так прогноз айтканга эч ким батынбайт.

Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кеңешчиси Роберт Эбел он жыл мурда - 1998-жылы - бир баррел мунай 11 доллар турганын эске салып, анын баасы быйыл жайдагыдай 150 долларга чукулдап барып,кайра кургуйга кулагансып жыл этегинде 50 доллардан төмөн түшүп кетери эч кимдин капарына келбегенин белгиледи. “Эгер учурунда ким бирөө ушундай божомолун айтса, анда аны акылы караптай баштаган адамдай көрмөк”,-дейт Эбел.

Кара майдын баасына саясий,экономикалык кризистер жана башка көп факторлор таасирин тийгизет. Мисалы, 70-жылдардын башталышында арап-израил урушунан улам ал 5 доллардан 15 долларга чыккан. Иран революциясынан, иран-ирак согушунан соң 37 доллардан 14 долларга түшкөн. 1997-жылы бир баррел кара май 20 доллар турса, Азияда финансы кризиси тутанганда ал 11 доллардан сатылып калган.

АКШ өкмөтүнө кеп-кеңеш айтып турган Энергетика маалымат администрациясы деп аталган топтун аналитиги Дуглас Макинтир глобалдык мунай рыногунун эпсиз көлөмүнөн улам Сауд Арапстан өңдүү эң чоң оюнчулар деле азыркы процесске таасир тийгизе аларына көп ишенбейт. Өкмөттөр анча-мынча иштерди жөндөй алат,бирок баа чөйрөсүндөгү дүйнөлүк абалды өзгөртүп ийе албайт.

Макинтир азыркы дүйнөлүк финансы кризисинин шартында бу жагынан кандайдыр бир так кесер прогноздорду жасоо андан бетер кыйын экенин да эскертти.
XS
SM
MD
LG