Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

ОПЕК өлкөлөрү Россиянын үндөөсүн уккан жок


Ирак мунай кору боюнча Саудия жана Канададан кийинки үчүнчү орунда турат, Байжи мунай иштетүүчү ишканасы
Ирак мунай кору боюнча Саудия жана Канададан кийинки үчүнчү орунда турат, Байжи мунай иштетүүчү ишканасы

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЕК 28-майга чейин кара май өндүрүүнү азыркы абалында кармап турат. Мындай чечим 12 мүчөлүү уюмдун жекшемби күнү Венада аяктаган жыйынында кабыл алынды. Ирактын мунай министри Хусейн аш-Шахирстанинин билдиришинче, картел май айында эларалык базардагы абалды карап көрүп, мунай өндүрүүнү көбөйтөлү же кыскарталы деп чечет.

Учурда ОПЕКке мүчө 12 өлкө күнүнө 24,84 миллион баррел мунай өндүрөт жана дүйнөлүк мунай өндүрүшүүнүн 40 процентин контролдойт. Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму өткөн сентябрда күнүмдүк өндүрүштү 4,2 миллион баррелге кыскарталы деп макулдашкан. Чечим 80 процентке аткарылса да бир баррел мунайдын наркы 32 доллардан 46 долларга чейин көтөрүлгөн.


Россия Сауд Арабиясынан кийинки дүйнөдөгү экинчи чоң мунай экспорттоочу өлкө. Венадагы жыйынга байкоочу катары катышкан Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин ОПЕК өлкөлөрүн бааны төмөндөтпөө үчүн өндүрүштү кыскартууга чакырды. Россия быйыл мунай өндүрүү 1, 9 процентке азайткан. Жекшемби күнү Россия бааны арзандатпоо максатында тышкы базарга кара май сатууну кыскартты.

Алжирдин энергия министри Шакиб Хелил да ОПЕК болчокто мунай өнүдүрүүнү кыскартпаса, баа дагы түшөт деп чыккан жыйын алдында.

Бул сунушту ОПЕК мүчөлөрү тегиз колдободу. Катардын мунай министри Абдулла ал-Аттия келечекте эмне болорун жоромолдоо кыйын деп, кара май өндүрүүнү кыскартууга каршы чыкты:

- Эч ким эч кандай прогноз жасай албайт. Рыноктогу абал түшүнүксүз. Биз эмне болорун билбейбиз.

ОПЕКтин мунай өндүрүүнү кыскартууга барбашына, керектөөчүлөрдүн баа жогоруласа, дүйнөлүк экономикалык кризис дагы татаалдайт деген кооптонуусу да таасир этти сыяктуу. Эларалык энергия агенттиги арзан мунай экономиканы стимулдаштырууга триллиондогон доллар салым кошорун айтып жүргөн. АКШ президенти Барак Обама да өткөн жумада мунай импорттоочу өлкөлөрдүн атынан Саудия падышасы Абдуллага телефон чалып, ОПЕК министрлерин катаал чарага барбоосуна салым кошту.

2-майда дүйнөнүн бакубат 20 өлкөсү глобалдык экономикалык кризиске каршы күрөшүү маселесин талкуулайт. Демек ОПЕК 28-майда болчу жыйынында «Чоң жыйырманын» бүтүмүн эске алып өз чечимин чыгарат.

Эксперттердин эсебинче, быйыл күнүмдүк мунай керектөө өткөн жылдагыга караганда 1 миллион баррелге азаят.

XS
SM
MD
LG