Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөгү шайлоо процесстерине байкоочулук кылуу озуйпасы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюрого жүктөлгөн.Соңку кездери Бюронун иши көп сынга алына баштады. Алардын канчалык өлчөмдө жүйөөсү бар? "Азаттыктын" суроолоруна Бюронун жетекчиси Янеш Ленарчич жооп берди.

Апрелде чоң тополоң менен аяктаган Молдовадагы парламенттик шайлоону жана анын жыйынтыктарын Бюронун миссиясы жалпысынан орточо баалаган эле. Бирок молдован оппозициясы, коомчулуктун өкүлдөрү байкоочуларды кетирилген калпыстыктарга көз жумуп салды деп сынга алышты. Янеш Ленарчич мындай пикирге макул болгон жок.

"Бюронун билдирүүсү шайлоонун эртеси,болгону анын алгачкы таасирлерин жалпылаган гана корутунду болчу,анда процесстин дурус жактары менен бирге буруш өңүттөрү да кенен-кесир айтылган, жалаң жакшы деп дегеле баа берилген эмес".

Молдовадагы шайлоону "бул өлкөдөгү демократиянын олуттуу прогресси" деп атаган европалык айрым өкүлдөрдүн,алардын ичинде OSCEнин парламенттик ассамблеясынын делегация башчысынын пикирин Ленарчич Бюронун корутундусундай кабыл алганга жарабай турганын эскертти.

"Сыйкы, айрым бирөөлөр биздин тыянактарды өтө эле позитивдүү болду деп ойлошот окшойт, бирок бул жаңылыш пикир, Бюро жалпысынан, менимче, агын ак, көгүн көп деп көрсөткөн калыс корутунду чыгарды",-дейт Ленарчич.

Молдовадагы шайлоого байланыштуу Бюронун корутунду доклады ушул айдын этегинде же июндун башталышында жарыяланат. Анда негизинен баштапкы тыянактар ырасталат, ошол эле учурда шайлоодон кийинки кырдаалга да баа берилет.

Ленарчичтин айтымында, Кишиневдогу тополоң жалпы процесске терс өң-түс берди. Мунун өзү белгилүү мааниде коомдун айрым катмарында шайлоо процессине ишеним жоктугун айгинелейт. Бюронун биринчи докладында ушул абалга да өзгөчө басым жасалган.

Бюронун байкоочулар миссиясы Армениядагы, Азербайжандагы шайлоо процесстерине да бир жерин аса, бир жерин баса карап баалашканын айтып, экс-совет аймагында өздөрүн демократиялык оппозиция атагандар бул мекемеге ичи чыкпай, саясий процесстерге калыс арбитр боло албай калды деп нааразыланган учурлар арбып баратканы байкалат.

Буга байланыштуу Ленарчич Бюрону "шайлоонун арбитраждык кеңсеси" катары караган көз караштарды кабыл албай турганын белгиледи. Бюро болгону "эмнелерди байкаса, ошого жараша баа берет". Процесс маалында кандай ыкмалар колдонулат, ал кандай даярдыкта өткөрүлөт, ушуларга көз салат. Бюро шайлоонун жыйынтыктарын комментариялабайт, ага тек өз пикирин билдирип, каалоо-сунуштарын айтат.

"Айрым өлкөлөрдө демократиялык процесс ылдам өнүкпөй жатканына нааразы болгондорду мен түшүнөм,-деп айтты Ленарчич.- Бирок муну аларга Бюро алып барып бербейт, буга алардын өз өкмөттөрү көмөктөшүүгө тийиш. Бу ошолордун милдети".

Экинчи жактан алганда,Бюронун жасап жаткан иштерине нааразы болгон,аны уюмдун ар кайсы өлкөлөрүнө ар башкача өңүттөн баа берет деп тырчып жүргөн өкмөттөр да аз эмес. "Адамдар түшүнүп алышы керек: биздин бюро же өкмөткө, болбосо оппозицияга жагынуу үчүн иш кылган кеңсе эмес",-деп көрсөттү Ленарчич.

Мындан тышкары ал тигил же бул өлкөдөгү байкоо процессинде ким бирөөлөр Бюрого кыйыр же тике кысым жасаган учурлар боло электигин, бирок анын докладдарын ашкере саясатташтырылган тыянак деп эсептеген өлкөлөр бар экенин ырастады жана мындай айыптарды четке какты.

Ленарчич уюм менен Россия ортосунда пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар бар экенин да моюнга алды. Ошол эле учурда Россия менен Бюронун кызматташтыгы бир топ эле жакшы экенин белгиледи.

"Жакында Москвага барганымда мени абдан жакшы кабыл алышты. Мен аларга Бюронун позициясын түшүндүрдүм, алар мага өздөрүнүн камтамачылыктарын айтышты. Болгон маселенин баарын ортого коюп, ийри отуруп, түз сүйлөштүк",- дейт ал.

Мунун баарын Ленарчич Бюро менен конструктивдүү кызматташуу ыкыласынын көрүнүшү деп эсептей турганын ырастап: "Мындай каалоо бар, андыктан муну айрым бир саясий терс пикирлер менен чаташтырбоо керек",-деп кошумчалады.
XS
SM
MD
LG