Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңеши бул аптада Кыргызстанга 52 кеңешчи полиция киргизүү планын жактырды. Ага чейин Кыргызстандын жетекчилиги эл аралык полиция киргизүүгө макулдугун берип, аларды алып келүүнүн механизмдери талкууланып аткан болчу.

Бийлик 52 адамдан турган эл аралык полициячыны өлкөгө киргизүүгө макулдугун берип, маселе чечилип калганына карабай бул аптада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициячыларын киргизүүгө каршы чыккандар митинг өткөрүп, маалымат каражаттарында бул маселе боюнча түрдүүчө пикирлер айтылып атты.

Бийлик эл аралык полициячылардын пайдасын түшүндүрүүдө

Тиешелүү бийлик өкүлдөрү болсо аталган эл аралык полициячылардын зарылчылыгы, алардын миссиясы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук боюнча департаменти бул боюнча орус тилинде жазылган түшүндүрмө таркатып, коомчулукту эл аралык полициянын келишинен чочулабоого көндүргөнгө аракет кылды.

Анда куралсыз эл аралык полициячыларды Кыргызстанга киргизүү бийлик үчүн абдан оор жана жоопкерчиликтүү чечим болгону, бирок бул кадам Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында жүзү жарык болушун камсыздай турган, өлкөнүн ачык, демократиялык жолго түшкөнүн көрсөтө турган маанилүү иш-чара экендиги айтылган. Андан ары эл аралык полициячылар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өлкөнүн күч органдарына ишенимди арттырууга көмөкчү болору баса белгиленет. Ошондой эле эл аралык полиция менен мындайча кызматташуу мурдагы СССР аймагындагы алгачкы практика экендиги айтылган.

Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук боюнча департаментинин биринчи катчысы Уланбек Өмүралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ЕККУ полициясынын келүүсүнөн чочулабоо керектигин айтат:

- Бул полициялык кеңешчи топтун коркунуч жерлери деле бар, бирок мындай да. Референдум болордун алдында деле ар кандай ойлор айтылып атпады беле. “Жаман болот, жакшы болот” деген сыяктуу. Анан азыр биз көрүп атабыз го, референдум жакшы эле өтүп кетти. Бул бизге керектүү оокат экен. Азыр келаткан миссия деле ошондой нерсе. Бул деген биздин өкмөттүн саясий эрки. Ал эмнени билдирет? Ал деген биздин транспаренттүү, ачык өлкө экенибизди көрсөтөт биздин өнөктөштөргө. Булар бизге куралсыз кирет. Төрт айлык так мөөнөтү бар. Мөөнөтүн узартуу маселеси азыр жок.

- Алар күч органдарына кандай конкреттүү жардам беришет?

- Эң негизги жардам бул- кеңеш берүү. Андан тышкары биздин милицияга адам укуктарын коргоо дегенге жардам берип, мониторинг жүргүзөт, тренинг уюштурат. Апрель-июндан кийин биздин элдин милицияга болгон ишеними төмөндөп кетпедиби. Ага чейин деле төмөн эле. Ошол ишенимди жаратканга, элдер менен милициянын ортосунда ортомчу болуп берчү күчү бар булардын.

ЕККУ полициясынан тышкары Ош менен Жалал-Абад облусунда коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия да иштейт. Аталган комиссия август айынын башында иликтөөсүн баштап, жыл аягында отчетун жарыяламакчы.

Эл аралык полициячыларга каршылар эмне дейт?

Кыргызстанда болсо бийликтердин ишендиргенине көнбөй, “Алар куралсыз келет, макамы чектелген. Тренинг, кеңеш, байкоо менен гана алектенишет”,- деген сөздөргө көнбөгөндөр болууда. Эл аралык полициячылардын каршылаштары күч органы аты бар “полиция” деген аттан чочулап, эгер алар жөн гана кеңеш бере турган болсо, анда алар полиция макамында эмес, жарандык макам менен келүүсү керек эле дешет.

Талдоочу Темир Муратовдун пикиринде, эл аралык полициячылар куралсыз келет делгени менен макамы боюнча алардын аркасында куралдуу күчтөр турат. Андыктан алардын макамын жарандык кылып өзгөртмөйүн полициячыларды киргизүү эртелик кылат:

- ЕККУнун уставында жазылып турат. Кандай гана чечим жогорку денгээлде кабыл алынса да, ал чечим сунуш катары гана кабыл алынат деп жазылып турат. Ошондуктан бул сунуш гана болгон. Аны киргизбөө же киргизүү кыргыз жетекчилеринин колунда турат.

Менин пикиримде, эгерде булардын макамы полиция эмес, эл аралык эксперт болсо, аскердик эмес жарадык макам болсо уруксат бериш керек эле. Ал эми анын макамы аскердик же полициялык болсо, анан ага коомчулук каршы болуп аткандан кийин аларды киргизүү эрте деп эсептейм.

Булар ИИМ кызматкерлерине кеңеш берет, адам укуктарын коргоо жаатында кеңеш берет деген сыяктуу функцияларды айтып атышат. Анда жөн эле тренингдерди өткөрүшсүн. Биздин милиция ичинде чет өлкөдөн окуп келгендер көп. Азыр глобалдык учур, маалымат технологиялары өнүккөн, бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Менимче кыргыз жаранынын укугун колдоо, мамлекеттин бирден-бир милдети. Баш мыйзамда ушул жазылган. Ошондуктан мен коомчулукту колдоп, ЕККУнун полициясынын киришине каршымын.


Өзбек тектүү кыргызстандык укук коргоочу Равшан Гапиров “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын түштүгүндө дале тымызын тирешүүлөр уланып, күч органдары тарабынан укук бузуулар болуп атканын айтат. Анын айтымында 52 полициячы бир нерсе чечип ийбейт, бирок жок дегенде ошолор келиши керек:

- Биздин милиция, күч органдары бир тараптуу иш алып барып, азыр өзбектер качып атат. Аны көргөн кыргыздар да качып атат. Бүткүл сабаттуу, билимдүү, ишкер адамдардын баары качып кетишти. Дыйкан, карапайым элдер гана калды. Азыр Оштун көчөлөрүн аралап келатам. Көчөдө “чума” тарагандай эл жок. Муну не дейбиз? Адамдар көчөгө чыга албай калды. Ошондуктан эч болбосо жанагы куралсыз чет элдиктер буларды карап, көзөмөлдөп жүрбөсө болбой калды.

- Кандай ойлойсуз, ошол 52 полициячынын келиши менен абал турукташып кетүүсү мүмкүнбү?

- Жок. Элүү полиция менен бир нерсе өзгөрүп кетпейт. Менин ачык пикирим мындай. Кыргызстанда азыр эки тарап бири-бирин жамандап жүрүшөт. Бул окуяларды эки тараптан тең акмактар кылды. Бирок алар жок азыр, качып кетишкен. Карапайым эл бар. Ошондуктан баарын тең карап, мыйзам бузуучуларды калыс кармаш керек. Айыптуу адам жооп бериш керек. Мен мисалы айыпсыз болсом, башка бир өзбек күнөөлүү болсо, ошол өзбек жооп бериш керек. Эгер кыргыз күнөөлүү болсо, ошол жооп бериш керек. Күнөөсү жоктор жооп бербеш керек.

“Ак шумкар кут”, “Кыраандар” ж.б. бир катар жаштар уюмдары 22-июлда Бишкектеги ЕККУнун имаратынын жана Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп, эл аралык полициячыларды киргизбөөнү талап кылышты.

Алардын ырасташынча, ЕККУнун полициячылары сыяктуу тышкы күчтөр кирген жерлер эч качан тынчып калган эмес. Тескерисинче Косово сыяктуу баш оорулардын чыгуусуна себепчи болуп, бүтүн өлкө бөлүнгөн учурлар бар.

Эл аралык полициячылардын келүүсүнө каршы чыккан митингди уюштуруучулардын бири, жаш активист Мавлян Аскарбеков мындай дейт:

- Биз бир эле талап коюп атабыз. Кыргыз эли ЕККУ полициясын киргизгенге каршы. Эгер биз аларды киргизе турган болсок, бизди Косово, Югославия сыяктуу кылып бөлүп салышат. Айтышат да, отчетунда жазышат “Кыргыздар менен өзбектер жашай албайт экен. Буларды бөлүш керек, өзбектерге түштүк региондорду берели, кыргыздар түндүктө жашай берет” деп туруп, өздөрүнүн күчтөрүн киргизип, бөлүп салышат. Биз ошого жол бербейли. Биз ЕККУга кат жөнөтпөдүкпү, ал жактан жооп күтөбүз. Бийликке кат жөнөттүк, алардан жооп күтөлү. Анан ошого жараша иш кылалы.

Эл аралык уюмдар дүйнөнү дүңгүрөтүп кыйкырык салгандай Ош менен Жалал-Абадда анчалык укук бузуулар болбогонун айткандар да бар. Күч органдары да кылмышкерлерди тегине-тамырына карабай кармап атышканын, өзбек тектүүлөр гана кармалып атат дегендер туура эместигин, алар үчүн кылмышкердин кайсы этностон экендиги айырмасыздыгын айтышууда.

Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Каныбек Токтосун уул Ош менен Жалал-Абаддагы жергиликтүү эл менен тыгыз иштеп, укук бузуу фактылары боюнча иш алып барууда. Анын айтымында, ал өз ишмердүүлүгү учурунда күч органдары өзбек тектүүлөрдү гана кармап, кордоп атышкан бир дагы факты катташкан эмес. Эл аралык уюмдар болсо такталбаган маалыматтарга таянып айтып аткан болуулары мүмкүн:

- Биз тополоң бүткөндөн баштап эле жер-жерлерде иштерди баштаганбыз. Учурда да региондорго чыгып, сурамжылоолорду да жүргүзүп атабыз. Чындыгында эле окуя өтө чоң масштабда болуп, өтө көп адамдардын жабырлануусуна алып келгендиктен, укук коргоо органдары да чоң, масштабдуу териштирүү жүргүзүп атышат. Андыктан кээ бирлерге бул укук бузуу болуп атат дегендей туюлушу мүмкүн. А бирок биз түздөн-түз адамдарга жолукканыбызда алар укук бузуулар тууралуу айтышкан жок. “Келип атышат, тактап сурап атышат, бирок укуктарыбызды бузушкан жок” деп айтып атышат. Кыргыздар, өзбектер жашаган аймактарда деле бизге түздөн-түз арызданган адамдар болгон жок.

Кыргыздын белгилүү жазуучусу Бексултан Жакиевдин пикиринде, эми маселе чечилип калган соң полициячыларды келтирбей коюуга да болбойт. Бирок бул жерде өтө сак болуп, көңүл бурчу чоң нерселер бар. Анткени түрдүү чагымчы күчтөр көп. Ошолор Ош менен Жалал-Абаддагы полициячыларга туура эмес маалыматтарды берип, ар кыл былык иштерди уюштуруп, кырдаалды татаалдаштырып жиберүүлөрү мүмкүн. Андыктан бийлик жөн жатып албай эл аралык полициячылардын коопсуздугунан тартып, алар алган маалыматтарга, котормочуларына чейин көңүл бөлүп, көзөмөлгө алуу керек:

- Биздин бийлик аларды алып келип коюп четте туруп албашы керек. “Силерге эркиндик, карап жүрө бергиле” деп кароосуз койбош керек аларды. Көз салыш керек. Антпесе чоң чатак чыгышы мүмкүн. “Кыргыз болбогон эл экен, бул жакка аскер күчтөрүн киргизбесе болбойт” деп, куралдуу күчтөр кирип кетиши да мүмкүн. Ушундайга жеткирбеш керек. Биздин элди азапка салган күчтөр дагы эле ушул эл аралык комиссияны, полицияларды пайдаланып туруп, ишти өтө чатак кылып салуулары мүмкүн.

Ошентип бул аптада ЕККУнун 52 полициясынын Кыргызстанга келери тууралуу маселеси чечилип калды. ЕККУнун туруктуу кеңеши бул планды жактырды. Ошентсе да ар дайым кыргыз бийлигинде акыркы сөз кала бермекчи.

Эми алардын канчасында келери, аларга канча акча кетери сыяктуу техникалык иштер гана калды. Эл аралык полиция Кыргызстанда төрт ай болуп, аларды каржылоо маселесин ЕККУ моюнга алса, Кыргызстан тарап алардын коопсуздугун камсыздамакчы. Ал эми эл аралык полициянын киришине каршы болгондор азырынча бийликке жөнөткөн талаптарына кандай жооп болорун күтүп турушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG