Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

Барак Обама Копенгаген саммитине жардамга барат


Poland -- women speak near power plant chimneys in Patnow, near 2008 UN Climate Change Conference 02dec2008

Poland -- women speak near power plant chimneys in Patnow, near 2008 UN Climate Change Conference 02dec2008

Президент Барак Обама Климаттын өзгөрүүсү боюнча Копенгагенде дүйшөмбү күнү башталчу 12 күндүк эл аралык жыйындын жабылышына катышат.

Ак Үйдүн бул кабарын талдоочулар климаттын ысышына каршы күрөштө дүйнө өлкөлөрү бир тыянакка жакындап калуусу ирети баалышты. Мурда Обама Улуттар Уюмунун Копенгагендеги жыйынынын ачылышына келет деп кабарланган.

Президент Обама климаттын өзгөрүсүнө арналган Копенгагендеги жыйынга 18-декабрда келет. 18-декабрь чечим кабыл алчу күн болгондуктан, ал күнкү жыйынга кеминде 65 мамлекеттин лидерлери катышаары айтылууда.

Ак Үй мурда Обама 9-декабрда Ослого Нобелдин эларалык тынчтык сыйлыгын алганы баратып, Улуттар Уюму өткөргөн жыйынга баш багып кетет деп кабарлаган. Обама өзү эл аралык келишимди түзүүгө пайдасы тийсе гана Копенгагенге барарын билдирген эле ноябрда.
Испаниялык жашылдар Барселонадагы атактуу Заграда фэмили чиркөөсүнүн төбөсүнө климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чакырган үндөөлөр жазылган ураандарды илишти. 2-ноябрь 2009


Саммиттин күн тарбинде дүйнөнүн ири өлкөлөрү өндүрүштүк газдарды кыскартуу жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдү каржылоо боюнча бир келишимге барууга тийиш. Мындай үмүт ноябрь айында Кошмо Штаттар, Индия жана Кытай биринчи жолу өндүрүштүк газдарды бөлүүнү азайтуу боюнча өз сунуштарын ортого салгандан кийин жаралды. Бул үч деражава глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү боюнча 1997-жылкы Киото протоколуна кол койо элек.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин жума күнү билдиргенине караганда, климаттын өзгөрүүсүн арналган Копенгагендеги жыйында сүйлөшүлчү олуттуу маселелер да бар . Бирок Гиббстин айтышынча, Обаманын саммиттин жабылуусуна барышы - “президент тараптар бир мунасага жетүүсү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатканын күбөлөйт”.

Барак Обаманын Копенгаген жыйынына катышуусу “сүйлөшүүлөрдүн саясый маанисин жогорулатат” деп билдирди Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Швециянын премьер-министри Фредрик Райнфелд өз өкүлү аркылуу.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Баррозу өткөн айда айтканга караганда, саммиттин максаты-бул келерки жыйырма жылда глобалдык температуранын 2 градустан көп ысышына жол бербөө:

-Биз табияттын мыйзамына, илимге каршы сүйлөшө албайбыз. Глобалдык температуранын жогорулашына байланыштуу биз
Непал өкмөтү деңиз деңгээлинен 5 262 метр бийикте мөңгүлөрдүн эрип кетүү коркунучуна арналган жыйын өткөрдү.
илимпоздор айткандай максимум 2 градуска гана ынообуз мүмкүн.


Непал өкмөтү да Копенгаген саммитин утурлай дүйнөдөгү эң бийик чоку-Эвересттин этегинде 4-декабрда атайын жыйыны өткөрдү. Премьер-министр Мадхав Кумар өкмөттүн кеңешмеден соң Гималай тоолорундагы мөңгүлөр ылдам ээрий баштаса, регионду суу менен камсыздоого катуу коркунуч туудурат деп билдирди кабарчыларга:

-Бүтүн дүйнө биригип, проблемага каршы күрөшүүбүз зарыл. “Карагыла, климаттын жылыганы адамзатка тескери таасир этүүдө” деп, маселеге дүйнөнүн көңүлүн бургубуз келет.

Көпчүлүк өлкөлөр өнөр жай ишканалары менен күнөсканалар бөлгөн газдын климаттка тийгизген зыянын түшүнүшкөнү менен, аны азайтуу боюнча ортодо мунаса жок. Ошон үчүн, дүйнө лидерлери өндүрүштүк газдарды бөлүүнү чектөө боюнча Копенгагенде базалык бир ченөлчөмдү кабыл алабы, азырынча белгисиз.

БУУнун эки жумалык саммитинде өнүккөн өлкөлөр зыяны аз алдыңкы технологияга өтүү боюнча өнүгүп бараткан өлкөлөргө кандай жардам берери да талкууланат.
XS
SM
MD
LG