Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Обаманын Ак үйдөгү жүз күнү


Президент Барак Обама бийликтеги жүз күнүн маалымат жыйыны менен белгилегени жатат.

Президент Барак Обама бийликтеги жүз күнүн маалымат жыйыны менен белгилегени жатат.

Президент Барак Обаманын Ак үйгө киргенине жүз күн толду. Бул датанын ырасмий мааниси жок, болгону маалымат каражаттарына президенттин бийликтеги алгачкы үч айда жетишкен,аксаган иштерин териштирип чыкканга жүйөө берет.

"Дүйнө өзгөрдү,аны менен бирге биз да өзгөрүшүбүз керек",-деп айткан эле Обама ант берүү аземиндеги сөзүндө.

Обаманын олуттуу жаңы кадамдары катары байкоочулар бир ооздон экономикага дем берүү жагынан масштабдуу планын конгресстен өткөргөнүн,Гуантанамодогу түрмөнү жабуу процессин баштаганын,Ирактан аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн аныктаганын аташат.

Обама элдин маанайын да өзгөртүүгө жетишти. Америкалыктардын көпчүлүгүндө азыр өлкө туура багытта баратканына ишеним жаралды. Муну байкоочулар жаңы президенттин эң башкы жетишкендигине чегеришет.

Обаманын оппоненттери –республикалык партиянын өкүлдөрү – жаңы администрация АКШнын дүйнөдөгү кусаматчыларын дипломатиянын аркасында ийге келтирүүнү эш көргөнүн,буга кошо анын экономикалык пландарын туура көрүшпөйт. "Президент сунуш кылган бюджет,менимче,экономикага салакасын тийгизет",-дейт өкүлдөр палатасындагы азчылыктын лидери Жон Бонер.

Бул ойго Вашингтондогу эл аралык Карнеги фондусунун илимий кызматкери Жон Жудис кошулган жок. "Бюджетте көп нерсе бар. Менимче,ал демөөр да,өнөр жайды кайра жаралтуу программасы да боло алат.Жолдорду оңдоп куруу,элет жерлерине чейин интернеттин жаңы үлгүлөрүн жайылтуу өңдүү иштер экономиканын келечеги үчүн чоң мааниси бар маселелер”,-дейт ал.

Жудистин баамында Обама "тарых өз аңытынан жанбай туура багытта баратканын тастыктагандай" таасир калтырат.

Обаманын аброю дүйнөлүк коомчулукта да өйдөлөп баратат. Бийликке келгенден бери ал тогуз өлкөдө болуп,чет элдик 44 лидер менен көзмө-көз сүйлөштү. Өзгөчө анын мусулман дүйнөсүнө жолдогон ишаарасы жакшы ыкласта кабылданды.

"Анын мааниси - АКШда дайыма эле туура иштер жасала бербейт,аны сындаганга да айрым негиздер бар,бирок дүйнөлүк,атүгүл аймактык проблемалар үчүн деле Американы айыптай бербегиле,андан көрө мамиле түзүүнүн жаңы тарыйкаларына өтөлү дегенде турат",-дейт Жон Хопкинс университетинин эксперти Дэниел Хамилтон.

Обаманын администрациясы Россия менен да мамилелерин "оңдоп түзгөнгө" киришти. Ортодо оңойлук менен чечиле койбос маселелер бар, ошентсе да тараптар стратегиялык куралдар жагынан сүйлөшүүлөрдү башташты.Обама өзү быйыл жыл этегине чейин Россияда болгону жатат. Мындан тышкары Москва менен биргелешип иран проблемасын да чечкенге мүмкүнчүлүктөр бар.

Обама ошондой эле Ооганстандагы күрөштүн тактикасы менен стратегиясын өзгөртүп,ага коңшулаш Пакистанды киргизди. Регионго өзүнүн атайын өкүлүн дайындады. Бирок ооган жерине кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүүгө чакырган анын демилгесин европалыктар суук селки кабыл алышты.

"Баары эле администрация ойлогондой боло бербейт,- дейт Хамилтон. - Бирок бул жерде жаңыча апаз-аваз,Ооганстандын тагдыры АКШдай эле Европага да тиешеси барлыгын моюнга алуу фактысы бар экени талашсыз".

Обаманын алдында орчундуу көп иштер турат. Бирок анын алгачкы таштаган кадамдары азырынча туура багытта экенин жадесе оппоненттер да моюнга алышат.

Обама өзү бийликтеги жүз күнүн бүгүн маалымат жыйыны менен белгилейт. Аны өлкөдөгү негизги телеканалдар түз алып көрсөтүшөт.
XS
SM
MD
LG