Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Обама Түркияда эки күндүк иш-сапары менен жүрөт


АКШ президенти Барак Обама жана Түркия президенти Абдуллах Гүл
АКШ президенти Барак Обама жана Түркия президенти Абдуллах Гүл

АКШ президенти Барак Обама Түркияда иш-сапары менен жүрөт. Дүйшөмбү күнү ал түрк президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, түрк парламентине кайрылуу жасады. 7-апрелде Стамдулдагы батыш менен чыгыш мамилелерин бекемдөөгө арналган эл аралык жыйынга катышат.

Барак Обама Европадагы иш-сапарын алгач «Чоң жыйырмалыктын» дүйнөлүк экономикалык кризиске арналган Лондондогу жыйынынан баштады. Андан соң ал НАТОнун 60-жылдыгына арналган жыйынга катышуу үчүн Германия менен Францияда болду. Ал жактан кийин Обама Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Чехияга да келди. Булардын бардыгы «Чоң жыйырмалыктын», НАТОнун же Евробиримдиктин алкагындагы кеңири, эл аралык маселелерди камтыган иш-сапарлар болсо, анын аягында Түркиядага келиши өзгөчө.

Мусулман калкы басымдуулук кылган Түркияда Барак Обама көбүрөөк АКШнын аймактагы саясатын бекемдөөгө, ырасмий Анкараны Кавказ, Иран, Ирак сыяктуу чөлкөмдүн талылуу маселелеринде негизги оюнчу болушу үчүн шыктандырууга келгени айтылууда.

Маселен, АКШ Ирактагы аскерлерин алып кетүүгө камынып жаткандыктан, Түркия сыяктуу кыйла күчтүү кошуналары ал жактагы туруктуулукту камсыз кылууга жардамчы болуусун каалайт дешет.



Түркияга эки күндүк иш-сапары менен келген Барак Обаманы президент Абдуллах Гүл тосуп алды. АКШ президенти Анкарада оболу Мустафа Кемаль Ата-Түрктүн мавзолейинде болду.

Бүгүн эртең менен ал Түркия президенти Гүл менен жолугушуп, кийинчерээк эки президент маалымат жыйынында суроолорго жооп беришти.

Маалымат жыйыны учурунда тарыхтагы армян кыргыны тууралуу кеп болуп, АКШ президенти бул жаатагы ойлорун өзгөртпөгөнүн, бирок түрк бийлиги бул боюнча сүйлөшүүгө ачык экендигин билдирип жатканы жакшы жөрөлгө экенин айтты.

Президент Абдуллах Гүл болсо, түрк бийлиги бул жаатта иштешүүгө толук даяр экендигин, ошол каргашалуу 1915-жылы армяндар эле эмес көптөгөн мусулмандар, түрктөр да кырылганын, армян геноцидин далилдөө үчүн тарыхчылардан, эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия курулушу керектигин, бийликтер кандай жыйынтык чыкса да макул болорун жарыялады.

Андан соң түш оой АКШ президенти түрк парламентине кирип сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө ал Түркиянын Жакынкы Чыгыш жана мусулман дүйнөсүндөгү ролун баса белгилеп, террорчулукту жеңүүдө биргеликте аракет көрүүгө чакырды.

«АКШ президенти жана НАТО өкүлү катары ПКК сыяктуу бир дагы террорчу уюмду колдобойм. Бул жерде Ирак, Түркия өкмөтү жана Ирактын күрддөр жашаган аймагынын өкүлдөрү арасында ар тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүшү маанилүү. Айрыкча, аларга билим алуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Биздин максаттарыбыз террорчу уюмдарды, анын ичинде Аль-Каиданы жеңүү. Ошол себептүү биз Ооганстанга жиберген аскерлерибиздин санын жана жардамдын өлчөмүн көбөйтүп жатабыз»,- деди Барак Обама.

Ошондой эле ал түрк парламентинде сүйлөп жатып, АКШ эч качан мусулман дүйнөсүнө каршы күрөшпөгөнүн, мындан ары да күрөшпөй турганын, АКШда ушул тапта көптөгөн мусулман үй-бүлөлөрү бар экендигин, өзү да ошондой үй-бүлөдөн чыкканын кошумчалады.



Талдоочулардын айтымынында, Барак Обама Түркиядагы иш-сапарынын биринчи күнүндө эле кыйла маанилүү билдирүүлөрдү айтты. Анын мусулмандар туурлалуу кеңири сөз кылганын талдоочулар өзгөчө баалашууда. Галатасарай университетиндеги саясат иликтөөчү Берил Дедеоглунун айтымында, Обаманын мусулман калкына басым жасаганында анын келечекке багытталган саясаты жатат. Анткени секулярдык жана аймактагы кыйла өнүккөн бирден-бир өлкө болуп саналган Түркия, көйгөйү көп башка мусулман өлкөлөргө өрнөк болуп, алардын маселелерин чечүүдө чоң жардамчы болору ажеп эмес.

Стамбулдагы «Хүррийет» гезитинин саясий серепчиси Мустафа Акйолдун баамында, азыркы АКШ бийлиги Түркиянын Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө негизги күч боло боло аларына жана чөлкөмгө туруктуулук алып келе аларына ишенип жатат.

«Алар мындай аракетти буга чейин да жасап көрүшкөн. Убагында Сирия менен Израилди чөлкөмгө таасир этүүгө шыктандырышкан. Хамасты террорчулук иш-чараларын токтотууга, Израиль менен тынч сүйлөшүүгө чакырышкан. Бирок АКШ Түркияга мындай өңүттөгү маселелер менен мурда кайрыла элек болчу. Алардын негизги себептеринин бири, Буштун өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы лидерлер менен толук ачык сүйлөшүүнү каалашпаган. Бирок Обама бийликке келгени саясатын өзгөртүп, «мен сүйлөйм, силерди да угам» деген багыт менен баратат»,- деди Мустафа Акйол.

XS
SM
MD
LG