Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Швейцария прокуратурасы Гүлнара Каримованы суракка алды


Бул тууралуу Wall Street Journal жазып чыкты. Маалыматка караганда, сурак 9-10-декабрда Ташкенде болгон.

Швейцария прокурорлору Гүлнара Каримованы коррупция боюнча жалпысынан 23 саат суракка алышкан.

Швейцария бийлиги Гүлнара Каримовага адвокаты кылып дайындаган Грегуар Манжеа ал “саламатта экенин, бирок коопсуздугуна кепилдик жок экенин” белгилеген. Адвокат Каримованын сырт дүйнө, анын ичинде балдары менен байланышуусуна тыюу салынганын кошумчалаган.

Гүлнара Каримова 2014-жылдан бери үй камагында. Ал чет өлкөлүк компаниялардан пара алган деп айыпталып, Швейцария прокуратурасы тергөө алкагында ага таандык банк эсебиндеги 650 млн еврону тоңдурган. (AiT)

XS
SM
MD
LG