Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Учак кырсыгында каза болгондордун жакындарына кенемте төлөнөт


KYrgyzstan -- Servicemen and rescuers carry a body bag with a victim at the crash site of a Turkish cargo plane in the village of Dacha-Suu outside Bishkek, January 16, 2017
KYrgyzstan -- Servicemen and rescuers carry a body bag with a victim at the crash site of a Turkish cargo plane in the village of Dacha-Suu outside Bishkek, January 16, 2017

Бул тууралуу учакка ээлик кылган түркиялык АСТ airlines фирмасынын өкүлү Айше Кынран "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кырсыкта каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга кенемте төлөнүп берилет. Маалыматка караганда, экипаж Гонконгдо 69 саат эс алуудан кийин учакты эч бир кынтыксыз кабыл алып, Бишкекти көздөй учкан. Буга чейин техникалык мүчүлүштүк болгон эмес. Кырсыктын себеби териштирилип жатат.

Учактагы жүктөр толук камсыздандырылган. Анда жалпы 85 тоннадан ашык жүк бар болгону айтылды.

"Боинг-747" үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG