Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Обама Ооганстанда беш саат болду


Ооганстан -- АКШ президенти Барак Обама Баграмдагы америкалык жоокерлер менен жолукту.

Ооганстан -- АКШ президенти Барак Обама Баграмдагы америкалык жоокерлер менен жолукту.

АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстандагы күтүүсүз сапары жекшемби күнү беш саатка созулду жана күчөтүлгөн коопсуздук шартында өттү. Обама Кабулда президент Хамид Карзай менен жолукту, андан соң Баграмдагы америкалык аскерлер алдында сөз сүйлөдү.

Дүйшөмбү күнү таңга маал ал Вашингтонго учуп кетти.

Обаманын ооган сапары коопсуздук жүйөөсүнөн улам өтө жашыруун болду. Жадакалса ооган президенти Хамид Карзайга бул тууралуу жогорку даражалуу конок Кабулга келерге бир саат калганда кабарлашты.

Обама Кабулда Карзай менен көзмө-көз жабык сүйлөшүү өткөрдү, кабинет мүчөлөрү менен да жолукту жана аларга коррупцияга каршы күрөшкө, өкмөттүн ишин өркүндөтүүгө, мыйзам бийлигин бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертти. Өз кезегинде Карзай Обаманы өкмөт акыры барып өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларына ишендирди.

Обаманын күтүүсүз бул сапары биринчи кезекте былтыркы чуулган шайлоодон кийин коомчулуктагы аброй-аптарыйкаты кыйла төмөндөп кеткен Карзай үчүн колдоо болду. Ак үйдүн өкүлдөрү бышыкташкандай, 12-майда Карзай Вашингтонго барат.

Кабулдан соң Обама Баграмдагы базада болду жана эки миңдей америкалык аскер алдында сөз сүйлөдү. "Менин бу жердеги жана азыркы башкы максатым силерге жалпы америкалыктардын атынан ыракмат айтууда турат", - деп билдирди ал жоокерлерге кайрылып. Буга кошумчалап, Обама бу согушту Кошмо Штаттары өзү тандап албаганын, оогандыктардын иштерине кийлигишкенге же өз таасирин кеңейткенге кенедей да ниет кылбаганын, муну аларга "Ал-Каида" менен анын иркектештери таңуулаганын эске салды.

"Биз бу жерде жолугушуп жаткен кезде биздин өлкөгө, биздин союздаштарга, ооган жана пакистан элине каршы ойрондуу пландар түзүлүп жатат, - деп айтты Обама. - Эгер бул регион кайра артка кетсе, "Талибан" Ооганстанды кайрадан өз колуна алса, ал эми "Ал-Каида" эч кандай жазасыз аракеттене берсе, анда дагы көптөгөн америкалыктардын өмүрү коркунучта калат, оогандыктар прогресске жетүү, гүлдөп-өнүгүү мүмкүндүгүнөн ажырайт, дүйнө да алда канча кооптуу абалга кептелет".

"Ал-Каида" менен "Талибанга", анын лидерлерине олуттуу сокку урулганын белгилеп, Обама ошону менен бирге "алдыда кыйын күндөр турганын" да эскертти. "Атүгүл, балким, жетишилген кайсыдыр бир ийгиликтер колдон чыгып кетиши да ыктымал. Анткени бизге чечкиндүү душман каршы турууда. Ошол эле учурда Кошмо Штаттары эч качан жарым жолдо токтоп калбайт жана өзү баштаган ишти бүтүрбөй таштап кетпейт",- деп көрсөттү Обама.

Обама ооган жеринде мурда сенатор кезинде да бир ирет болуп кеткен жана Кабул жетекчилигине өтө сынчыл көз караштарын билдирген. Бул жолу ал президент жана башкы колбашчы даражасында келди. Былтыр декабрда Обама Ооганстанга кошумча отуз миң аскер контингентин жөнөтүүнү чечкен. Азырынча алардын чакан бөлүктөрү гана жиберилди, калгандары быйыл жайда толук киргизилет.
XS
SM
MD
LG