Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Уйгурлар убайымы...


Үрүмчүдөгү нааразылык. 7-июль, 2009-жыл.
Үрүмчүдөгү нааразылык. 7-июль, 2009-жыл.

5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарындагы баш аламандыкта 156 киши өлүп, миңден ашууну жарадар болду. Жаңжал бүгүн да уланып, эл камалгандарды бошотуу талабы менен көчөгө чыкты. Кыргызстандык уйгурлардын “Иттипак” коому чукул жыйналыш чакырып, кырдаалды талкуулады.

Шинжаң-уйгур автономиялуу районунда 20 миллиондон ашуун калк жашайт. 2000-жылга карай анын 55 пайызын уйгурлар түзөөрү белгилүү болгон. Бирок акыркы мезгилде алар улуттук азчылыкка айланып баратканы кабарланууда.Улуттук азчылыкка айлануу, миллиарддан ашып кеткен кытайдын ичине сиңип кетүү коркунучу уйгурлардын эгемендүүлүккө умтулуусун жаратууда, дейт кыргызстандык уйгур активисттери.

5-июлдагы Үрүмчүдөгү окуянын себеби катары 26-июнда Гуандун провинциясындагы оюнчук жасоочу заводдо уйгурлар менен
кытайлардын кагылышуусундагы эки уйгур адамдын өлүмү аталууда.

Кыргызстандагы уйгурларды Үрүмчүдөгү окуялар кайдыгер калтырган жок. Алар өздөрүнүн “Иттипак” уюмунун чукул жыйынын чакырып, анда Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында пикетке чыгуу, акцияларды өткөрүү демилгелери көтөрүлдү.

Акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү үчүн “Иттипак” уюму Юстиция министрлигине кайрылды дейт “Иттипактын”жетекчиси Дилмурат Акбаров:

- Биз Юстиция министрлигине расмий түрдө кайрылып, Кытайдын элчилигинин алдында пикетке чыгууга уруксат сурайбыз. Эгерде пикетке уруксат берилбесе, анда маалымат жыйынын өткөрүп, мына ошол жерде өзүбүздүн позициябызды, көз карашыбызды айтабыз.

Акбаровдун айтымында, Шиңжанда уйгурлардын көтөрүлүшү 300 жылдан бери уланып келатат жана ал уйгурлар эркиндикке жетишмейнче улана берет. Кыргызстанда 60 миңдей уйгур бар.

“Иттипак” гезитинин башкы редактору Акбар Бауддинов Үрүмчүдөгү окуялар тууралуу интернеттен гана маалымат алып жатышканын билдирди:

- Бизде башка байланыштар жок. Интернеттен гана маалымат алып жатабыз. Окуя эми мындай болгон: Жаштар, интеллигенция Үрүмчүдө тынчтык демонстрацияга чыккан. Кытайлар аны аскердик күч менен бастырып жатат. Ушул.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Үрүмчүдө олуттуу баш-аламандык орун алып, анда 156 киши каза таап, 1080 киши жарадар болгонун, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирди . Элчилик тараткан маалыматта Үрүмчүдөгү окуя чет жактан уюштурулганы белгиленген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы окуялардан азыркы мезгилге карай кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстандын расмий бийлиги Кытайдагы кандуу кагылышуулар боюнча эч кандай пикир айтпайт дейт:

- Кыргызстан эми бул окуяга реакция жасай албайт. Себеби дегенде Шанхай кызматташуу уюмунун негизги максаттарынын бири терроризмге,экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү деп, бул чечимге биздин Борбор Азия мамлекеттеринин бардыгын кол койдуруп алган. Болгон акцияны сепаратисттер уюштурган деген маселеге такап коет дагы, биз ошон үчүн аны айыптай албай калабыз.

Саясат таануучунун айтымында, уйгурлар Кытайдан боштондук алуу үчүн эки багытта күрөш жүргүзүп келет. Биринчиси, демократиялык жол менен эгемендүүлүккө жетүүнү көздөгөндөр. Алар АКШ жана Европага миграцияланып кеткен уйгурлар. Экинчи топту Түркстан ислам кыймылы түзөт. Алар куралдуу каршылык көрсөтүү жолун тандагандар. Бирок азыркы шартта эки багыттын тең ийгиликке жетишүүсү татаал.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова Кытайдагы кандуу окуяны кескин айыптады:


- Кытай деген диктатордук, авторитардык өлкө. Ал жерде адамдын канын төккөн окуя болуп кеткени өтө өкүнүчтүү. Эми бул бир гана уйгур элинин трагедиясы эмес, жалпы адамзаттын трагедиясы катары каралыш керек жана уйгур элинин эркиндиги, укугу сакталышына, адам укугу чек араны билбейт дегендей, өзүбүздүн салымыбызды, үнүбүздү кошушубуз керек.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы болсо кадимки шартта иштеп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Досназар Абдилазизов билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG