Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

АКШ президенти каржы системасын реформалоонун планын сунуш кылды


Барак Обама АКШнын финансы системасын реформалоонун планын сунуш кылды. Реформа дүйнөлүк экономиканы да аңга түрткөн кризистин кайталануусуна бөгөт койуш керек. Бул, эксперттердин айтышынча, 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан берки АКШнын банк тармагындагы эң чоң реформа болот.

Президент Обама 17-июнда Ак Үйдө АКШнын финансы системасын реформалоонун планын сунуш кылып жатып, ушу таптагы кризисти “ондогон жылдар түрмөктөлүп топтолгон жаңылыштыктар менен колдон чыгарылган мүмкүнчүлөктөрдүн туундусу” деп сыпттады. Ал дүйнөнү тербеткен Нью-Йорктун Уолл-стритиндеги америкалык финансылык мекемлерден башат алган “жоопкерсиздиктин маданияты” Вашингтонго чейин жеткенин да айтты:

- Бүгүн менин администрациям финансыны тескөөчү системаны Улуу Депрессиядан бери болуп көрбөгөндөй деңгээлде бүтүндөй өзгөртүүнү сунуш кылууда. План Конгресстин лидерлери менен болгон талкууларда айтылган ойлорду да чагылдырат.

Обаманын белгилешинче, финансы системасын камтыган реформа Кошмо Штатардын экономикасынын узак жылдар туруктуу өсүүсүнө жана финансы тармагында жаңы технологияны киргизүүгө негиз болуш керек. Ал үчүн финансылык мекемелер резервдик капиталын көбөйтүп, каржылоо жана аманаттарын кайтаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө тийиш. Инвесторлордун жана тескөөчү органдардын рейтингдик агенттиктерге болгон көзкарандылыгын азайтуу үчүн алар, ошондой эле баалуу кагаздар менен операция жүргүзгөн түрдүү фондор көзмөлгө алынат. Керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоочу, кредит, ипотекадан тартып, кредиттик карталардын берилишине чейин контролдоочу жаңы агенттик түзүлөт.

Конгрессмендер жана финансы чөйрөлөрү АКШнын банк жана инвестиция тармагында кардиналдуу реформа жүргүзүү туура дешет. Бирок Обаманын планын сындагандар да бар. Республикачыл-сенатор Ричард Шелби келечекте чоң чыгымга кабылбоо үчүн, конгрессмендер сунуш этилген планды кылдат изилдеп, анга гана бекитүүгө чакырды. Республикачылардын Өкүлдөр палатсындагы лидери Жон Бохнер план өкмөттүн экономикага кийлигишүүсүн күчөтөт деп сындаса, демократ-конгрессмен Барни Фрэнк инвесторлор мыктылап корголбосо, финансылык рынок болбойт, план рынокту бекемдейт деп чыкты.

Обама өзү план финансы секторундагы бардык оюнчулардын кызыкчылыгын теңдеп турат жана жаңы кризисти болтурбоого багытталган деди:

- Бизди ашыкча кадамдарга барууда дегендер да бар. Бирок акыркы жылдардагы окуялар олуттуу чарлардын зарылдыгын айкын кылды. Финансы системасынын көпчүлүк бөлүктөрүндө жана бүтүндөй системада тескөөчү режимдин иштебегени бизди катастрофага жакын алып барды. Муну унутпашыбыз керек.

Барак Обама 88 барактык планды Конгресс жыл аягына чейин бекитет деген үмүттө. Финансы тармагын реформалоо жөнүндөгү жаңы планды талкуулоо бейшемби күнү башталды.

XS
SM
MD
LG