Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Обама: Иранга жакында санкциялар жарыяланат


Вашингтон -- АКШ президенти Барак Обама жана Франциянын президенти Николя Саркози Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы жаңы резолюция кабыл алынышын тездетүүнү макулдашты.

Вашингтон -- АКШ президенти Барак Обама жана Франциянын президенти Николя Саркози Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы жаңы резолюция кабыл алынышын тездетүүнү макулдашты.

АКШ президенти Барак Обама жакынкы апталарда Иранга каршы жаңы санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин эскертти. Ошол эле учурда ал дипломатиялык аракеттер үчүн да каалга ачык бойдон калганын кошумчалады.

Вашингтондо Франциянын президенти Николя Саркози менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Барак Обама Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы жаңы санкциялардын кабыл алынышын узакка күтүп отурбай турганын билдирди.

"Бул чечим ушул жазда кабыл алынарына ишенем, - деп айтты Обама. – Санкциялар режими бир нече апта ичинде иштей башташын каалайт элем".

Саркози да аракет кыла турган маал келгенин айтып, Иранга атом куралын жасаганга эч кандай мүмкүндүк берүүгө болбойт деп белгиледи. Саркози бул маселени немец канцлери Ангела Меркел жана британ премьери Гордон Браун менен талкуулап, жалпы Европаны санкциялар режимине даярдаганга сөз берди.

Мунун алдында Канадада жыйынга чогулган "чоң сегиздин" тышкы иштер министрлери дүйнө коомчулугун Ирандын атомдук программасына байланыштуу чечкиндүү аракеттерге чакырган эле. Министрлерге кайрылган сөзүндө Канаданын өкмөт башчысы Стивен Харпер Тегерандан "тез арада уран байытканын токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоону" талап кылды.

Тегеран мурдагыдай эле өз программасын атом куралын түзүүгө эмес, өңчөй жайчылык максаттарга багытталган деп ырастоодо.

Президент Обама ирандыктардын атомдук дымагы жалпы жер шарындагы, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка өтө кесирлүү таасирин тийгизерин, буга кошумча жаңы эле кризистен чыга баштаган дүйнөлүк экономикага да чоң салака келтире турганын эскертти.

Ошону менен бирге Обама: "Президент Саркози, мен жана башкалар каалга дале ачык бойдон турганын, эгер ирандыктар ага киргиси келсе, дипломатиялык чечимдер табыла турганын түшүнүүгө тийиш. Биз болсо ага чейин чечкиндүүлүк менен санкциялар режимин илгерилеткенге умтула беребиз",-деп билдирди.

Иранга каршы Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши катаң чечим кабыл алышы үчүн Батыш өлкөлөрүнөн тышкары Россия менен Кытайдын макулдугу зарыл болот. Соңку кездери иран маселесинде Москванын позициясы өзгөргөнү байкалганы менен жаңы санкцияларды колдой турганын орустар так жана кесе айта элек. Кытай болсо Ирандын атом куралына ээ болушуна каршы экенин кайталап, ал эми санкцияларга калганда бардык тараптар активдүү күч-аракеттер менен бирге ийкемдүүлүгүн да көрсөтөрүнө ишенич билдирди.

"Чоң сегиздин" жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытай санкциялар пакетин даярдоого катышарына жана Коопсуздук Кеңешинде бу маселеде мунаса табыларына ишенерин айткан эле.

"Эл аралык коомчулукта биримдик барбы? Азырынча жок. Бирок биз буга жетишүү үчүн иштешибиз керек", - деп моюнга алды Обама.
XS
SM
MD
LG