Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Боснияда кызыл кыргынга шектүү 8 киши кармалды


Массалык кыргындын курмандыктары көмүлгөн жер.
Массалык кыргындын курмандыктары көмүлгөн жер.

Боснияда 1992-95-жылдары болгон Балкан согушунда жүздөн ашуун кишилерди кыйноого салып, өлтүрүүгө шектелген 8 адам кармалды. Алар шейшемби күнү колго түшкөнүн жергиликтүү булактар жазышты. Тергөө маалыматтарына караганда, алар босниялык сербдер.

Кармалгандарга 120 босниялык мусулманды, католик хорватты, арасында балдарды да өлтүрүү боюнча айып коюлары айтылууда.

Гаага соту буга чейин аталган аталган согушта жасаган кылмыштары үчүн 80 адамга өкүм чыгарган. Арасында босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич дагы бар.

Босниядагы калабада жүз миңдей адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG