Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Б.Обаманын Орусияга сапары басма сөз каражаттарынын көңүл чордонунда


АКШнын президенти Барак Обаманын Орусияга 2 күндүк иш сапары батыштык басма сөз каражаттарында байма-бай чагылдырылууда. Баяндамачылар сапардын жыйынтыгы тууралуу жоромол пикирлерин жаза башташты.

Лондондо жарык көрчү Time жумалыгынын кезектеги санында Барак Обаманын Москвага сапары тууралуу көлөмдүү макаласы жарыяланды. Бул макалада АКШ президентинин орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрүнөн чеке жылытарлык бир натыйжа чыкпары күтүлгөнү айтылат.

Макалада Рейган-Гopбачев мезгилинде башталган өзөктүк куралдарды кыскартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө гана жылыш болушу мүмкүн экендиги айтылат. Анда “кандай гана болбосун бул эки ири держава бүт адамзатты тозокко жибере алчу өлчөмдө өзөктүк куралга ээ экенин унутпаш керек. Кансыз согуш 20 жыл илгери аяктаганы чын. Бирок АКШ менен Орусиянын бири-бирине карата мамилеси дүйнө үчүн али да болсо чоң мааниге ээ. АКШнын Орусиядан күткөнү - Иран жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдүн өзөктүк курал дымагына каршы чечкиндүү чара көрүүлүүсүнө макул болуп, Грузия жана Украина өңдүү кошуналарына опуза салуусун токтотуусу. Орусия болсо НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнүн токтотулушун каалар эле. Жалпылап айтканда Москва өзүнө сый-урмат көрсөтүлүүсүн талап кылат” деп айтылат.

“Батыштык басылмалардын дээрлик көпчүлүгү “Манас” аба байданындагы америкалык базанын кайрадан АКШнын пайдалануусуна берилүүсүн күтүлбөгөн окуя катары баалап, президент Курманбек Бакиевди Орусия менен АКШны бирдей каалаганындай башкара алган даанышман бир жетекчи катары сүрөттөшсө да, Кыргызстандын Орусиянын макулдугу болбосо мындай кадамга бара аларына ишенүү кыйын” деп жазылат Foreign Policy Blogs Networks аттуу интернет баракчада жарыяланган макалада.

“Манастагы” база тууралуу чечимдин АКШ президенти Барак Обаманын Орусияга сапарынын алдында эле кабыл алынышы эске салынган макалада “Обаманын Путин жана Медведев менен көрүшүүсү, АКШ-Орусия байланыштарынын алдыбыздагы жыл ичинде кайсы багытта өнүгө турганынан кабар бериши мүмкүн. Эки өлкө мындан ары да чакан алдым-бердим оюнун ойноону каалашабы же жокпу белгисиз. Кыргызстандагы америкалык база тууралуу жаңылык Вашингтон же Москванын кадамыбы - ал да маалым эмес. Маалым болгон бир гана нерсе - эки ортодо чоң шахматы оюну жүрүп жатат” деген пикир билдирилет.

Eurasia View интернет баракчасы адамдын укуктарынын сакталышынын абалы тууралуу америкалык Freedom House жарыялаган кийинки баяндамага таянып, “2008- жыл Кавказ жана Орто Азияда демократия үчүн караңгы күндөр болду” деген бир макала жарыялады. Freedom House уюмунун баяндамасында Кыргызстан алгачкы ирээт “авторитардык режимдердин” катарына кошулганы билдирилген макалада бир учурда Орто Азиядагы демократиянын аралы катары таанылган Кыргызстанда Курманбек Бакиев бийликке келген соң демократиялык реформалар кетенчиктей баштаганы, өлкөдө коррупция күчөгөнү бышыкталат.
XS
SM
MD
LG