Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

НАТО Россия менен элдешкиси келет


Президент Барак Обама Ак Үйдө НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп-Скеффер менен сүйлөшүүдө, 25-март 2009
Президент Барак Обама Ак Үйдө НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп-Скеффер менен сүйлөшүүдө, 25-март 2009

АКШнын президенти Барак Обама Россия менен мамиле НАТОнун негизинде гана жүргүзүлөөрүн шаршемби күнү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Ак Үйдө кездешкенде ачык айтты. НАТОнун баш катчысы өз кезегинде НАТО үчүн Москва менен элдешүү маанилүү экенин билдирди.

Кансыз согуштун бүткөнүнө 20 жыл чукулдап калcа да Россия менен Батыштын мамилеси бекем нукка түшө элек. Анын себебин бирөөлөр Москванын мурдакы советтик мейкиндиктеги таасир калыбына келтирүүгө умтулуусунан көрүшсө, экинчи бирөөлөр АКШ жана НАТО экс-советтик жана пост-коммунисттик өлкөлөрдү альянска ылдам кошуп алуусунан издешет. Мурдараак АКШ президенти Барак Обама Россия менен мамилени кайра курууну кааларын айткан.

Президент Обама Россия менен мамиле НАТОнун негизинде гана жүргүзүлөөрүн шаршемби күнү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Ак Үйдө кездешкенде ачык айтты. Обама ошондой эле НАТОго кошулууну калаган Европа өлкөлөрү - Россия менен мурдакы алакасына карабай - тийиштүү саясый-аскерий даярдыгы жок туруп, уюмга өтө албасын баса белгиледи:

- Менин администрациям Россия менен кайра мамиле курганы жатат,-деп билдирди Обама. - Бирок бул мамилебиз НАТОго мүчөлүктүн чегинде болот жана НАТОго кошулууга дилгир өлкөлөр НАТОго мүчө боло аларына бекем ишенгенибизди Европага ачык билдиребиз.

Өз кезегинде Хооп-Схеффер НАТО-Россия ортосундагы карама-каршылык бар экенин тастыктап, Москва менен элдешүү маанилүү экенин айтты:

- Биздин ортобузда көп маселелер боюнча келишпестик бар. Бирок НАТО Россияга муктаж, Россияга НАТО керек. Ошон үчүн эки жак макул нерселердин үстүнөн иштейли да карама-каршылыктарыбызды жашырбайлы. Мындай мамиле болот жана бекемделиш керек деп ойлойм.

Обама менен Хооп-Схеффер ошентип Россия жөнүндө сүйлөгөндө өтө кылдат болушту. Андан бир күн мурда НАТОнун Европадагы башкомандачы Жон Крэддок Россиянын экс-советтик коңшулары, өзгөчө, Грузияга көзү түз эмес деген пикирин билдирген. Генерал Жон Крэддоктун АКШ Сенатынын куралдуу күчтөрдү тейлөө комитетиндеги талкууда айтышынча, былтыр августта Грузия-Россия арасындагы болгон согуш Москва эски советтик ыкмаларды колдоно баштагына күбө боло алат:

- Өткөн августта Грузияда болгон окуялар биздин 15 жыл мурда жана андан илгери жасаган бүтүмдөрүбүздү түп тамырынан өзгөрттү. Биз Кансыз согуш бүтүп, Советтер Союзу жана Варшава пакты таркагандан кийин чекаралар жок, Европада, Евроазияда кимдир бирөөнүн басып кирүү корукунучу жок деп тыянык жасаганбыз. Менин оюмча, бул пикирибиз натуура чыкты.

Батыш маалымат булактары Обаманын администрациясы кийинки кезде Россия менен мамилени жакшыртууга умтулганын белгилешет. Мамкатчы Хиллари Клинтон жакында орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушканда, өз ара байланышты кеңейтүүнү сунуш кылып, Абадан коргонуу системасында кызматаашууга чакырган.

XS
SM
MD
LG